Бессрочный митинг сторонников Текебаева в Базар-Коргоне

Базар-Коргон: Текебаевдин тарапташтары Бишкек Ош жолун тосууга аракет жасашты

1121
(жаңыланган 17:35 27.02.2017)
Ушу тапта митинг болуп жаткан жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, абалды жөнгө салууга аракеттенип жатышат.

БАЗАР-КОРГОН, 27-фев. — Sputnik. Базар-Коргон районунда митингге чыккан эл депутат Өмүрбек Текебаевдин кичи мекени болгон Акман айылынын тушундагы жолду тосуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

  • Базар-Коргон районунда митингге чыккан эл депутат Өмүрбек Текебаевдин кичи мекени болгон Акман айылынын тушундагы жолду тосуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди
    Базар-Коргон районунда митингге чыккан эл депутат Өмүрбек Текебаевдин кичи мекени болгон Акман айылынын тушундагы жолду тосуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди
    © Фото / Талгат Бакиев
  • Эскерте кетсек, Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ түнкү саат 3.30да Манас аэропортунан кармалып кеткенден кийин нааразылык акциялары башталган
    Эскерте кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ түнкү саат 3.30да "Манас" аэропортунан кармалып кеткенден кийин нааразылык акциялары башталган
    © Фото / Талгат Бакиев
  • Базар-Коргондун эли митинг мөөнөтсүз экенин белгилеп, бүгүн боз үй тигип Бишкек — Ош кан жолунун болжол менен 570-чакырымын тосуп алышкан
    Базар-Коргондун эли митинг мөөнөтсүз экенин белгилеп, бүгүн боз үй тигип Бишкек — Ош кан жолунун болжол менен 570-чакырымын тосуп алышкан
    © Фото / Талгат Бакиев
  • Аталган жерге укук коргоо органдарынын 100гө чукул өкүлү келип, абалды жөнгө салууга аракет көрүп жатышат
    Аталган жерге укук коргоо органдарынын 100гө чукул өкүлү келип, абалды жөнгө салууга аракет көрүп жатышат
    © Фото / Талгат Бакиев
  • Ушу тапта жолдо келе жаткан машиналардын алдын тосууга аракет кылган орто жаштагы аял эс-учун жоготуп, Тез жардам чакырылды.
    Ушу тапта жолдо келе жаткан машиналардын алдын тосууга аракет кылган орто жаштагы аял эс-учун жоготуп, Тез жардам чакырылды.
    © Фото / Талгат Бакиев
1 / 5
© Фото / Талгат Бакиев
Базар-Коргон районунда митингге чыккан эл депутат Өмүрбек Текебаевдин кичи мекени болгон Акман айылынын тушундагы жолду тосуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди

Эскерте кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ түнкү саат 3.30да "Манас" аэропортунан кармалып кеткенден кийин нааразылык акциялары башталган.

Базар-Коргондун эли митинг мөөнөтсүз экенин белгилеп, бүгүн боз үй тигип Бишкек — Ош жолунун болжол менен 570-чакырымын тосуп алышкан.

"Аталган жерге укук коргоо органдарынын 100гө чукул өкүлү келип, абалды жөнгө салууга аракет көрүп жатышат. Бирок митингчилер акцияны токтотпой тургандыктарын айтышууда", — деди кабарчы.

Ушу тапта жолдо келе жаткан машиналардын алдын тосууга аракет кылган орто жаштагы аял эс-учун жоготуп, Тез жардам чакырылды.

Ал эми Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында өтүп жаткан Текебаевдин тарапташтарынын митинги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окусаңыз болот>>

1121
Белгилер:
жол тосуу, митинг, Базар-Коргон
Тема:
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (110)
Тема боюнча
Марс Сариев: Отунбаева оппозицияны бириктирип, сап башына турушу мүмкүн
Базар-Коргондуктар кайрадан митингге чыгышты
Текебаев өзөрүп отурат деген билдирүүгө УКМК түшүндүрмө берди
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

37
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

37
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

27
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

27
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш
Город Степанакерт самопровозглашенной Республики Нагорный Карабах.

Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады

0
(жаңыланган 15:53 27.09.2020)
Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жетти. Мындан улам республика президенти аскердик абал жарыялаганын РИА Новости жазды.

Эртең менен Азербайжандын Коргонуу министрлиги алардын аскерлерине жана бир нече айылга Армения тараптан минометтер менен аткылоо болгонун айтып чыкты. Ал эми Армения өзүнүн Тоолуу Карабахтагы куралдуу күчтөрү Азербайжандын басып кирүүсүнөн коргонуу үчүн ок чыгарганын жар салды.

Эки тарап тең бир нече техникаларынан ажыраганын жана аскерлердин жарадар болгонун айтууда.

Көп өтпөй Армения өкмөтү шашылыш жыйын өткөрүп, өлкөгө аскердик абал жарыялагынын билдирди.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдук облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ОБСЕ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүүлүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Европа либералдык пикирлештик жана демократиялык тоталитаризм үчүн күрөшүүдө

Кырдаал боюнча Россия ТИМи абалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча эки тарапты тең атышууну токтотууга чакырууда. Ал эми Түркия Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын тарапташы экенин моюндайт. Кыргызстан мүчөлүк кылган Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюму (ЖККУ) абалдын тынчтык жолу менен жөнгө салынышын көздөйт.

0
Белгилер:
атышуу, чек ара, Жаңжал, Армения, Азербайжан
Тема боюнча
КМШнын абадан коргонуу күчтөрү НАТОнун чагымдарына каршы биригүүгө даярбы? Видео