Жители Кадамжайского района Баткенской области на акции протеста, с требованием закрыть трассу Пульгон — Кок-Талаа для большегрузных авто

Баткенде эл жүк ташуучу унаалар өтчү аймакты жабууну талап кылууда

1222
(жаңыланган 11:41 28.02.2017)
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Пүлгөн — Көк-Талаа жолунда быйыл эле ири үч жол кырсыгы катталган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Жергиликтүү тургундар каршылык акциясына чыгып, Пүлгөн — Көк-Талаа жолун жабууну талап кылып жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди.

© видео очевидца
Баткенде эл жүк ташуучу унаалар өтчү аймакты жабууну талап кылууда

Элдин айтымында, стратегиялык маанидеги Ош — Баткен — Исфана жолу жарым жартылай Өзбекстан аркылуу өткөндүктөн айланма жол катары Пүлгөн — Көк-Талаа жолу салынган. Ал Кадамжайдан бүтөт. Ошол эле учурда Өзбекстан аркылуу өтчү бөлүгү жабык.

"70-80дей жергиликтүү тургун чогулуп, оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн Пүлгөн — Көк-Талаа жолун жабуу талабын коюп, оор жүк ташыган машиналарды Өзбекстан аркылуу өтчү транзиттик жол менен коё берүү керектигин айтышууда", — деди окуяга күбө болгон жаран.

Окуя болгон жерге Кадамжайдын мэри, РИИБдин жетекчиси келди. Ал эми милиция кызматкерлерлери топтолгон элге жолду жабууга уруксат бербей турат.

  • Жергиликтүү тургундар каршылык акциясына чыгып, Пүлгөн — Көк-Талаа жолун жабууну талап кылып жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди
    Жергиликтүү тургундар каршылык акциясына чыгып, Пүлгөн — Көк-Талаа жолун жабууну талап кылып жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди
    © фото очевидца
  • Элдин айтымында, стратегиялык маанидеги Ош — Баткен — Исфана жолу жарым жартылай Өзбекстан аркылуу өткөндүктөн айланма жол катары Пүлгөн — Көк-Талаа жолу салынган. Ал Кадамжайдан бүтөт
    Элдин айтымында, стратегиялык маанидеги Ош — Баткен — Исфана жолу жарым жартылай Өзбекстан аркылуу өткөндүктөн айланма жол катары Пүлгөн — Көк-Талаа жолу салынган. Ал Кадамжайдан бүтөт
    © фото очевидца
  • Окуя болгон жерге Кадамжайдын мэри, РИИБдин жетекчиси келди. Ал эми милиция кызматкерлерлери топтолгон элге жолду жабууга уруксат бербей турат.
    Окуя болгон жерге Кадамжайдын мэри, РИИБдин жетекчиси келди. Ал эми милиция кызматкерлерлери топтолгон элге жолду жабууга уруксат бербей турат.
    © фото очевидца
1 / 3
© фото очевидца
Жергиликтүү тургундар каршылык акциясына чыгып, Пүлгөн — Көк-Талаа жолун жабууну талап кылып жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди

Пүлгөн — Көк-Талаа жолунда такай жол кырсыктары болуп турарын айткан тургундар быйыл эле ири үч жол кырсыгы катталганын айтышууда. Жакында эле аталган жолдо май ташыган Howo автоунаасы менен Daewoo Tiko машинасы кагышып, эки киши каза болгон. Ал эми февраль айынын башында май ташуучу автоунаа бурулуштагы үйдүн короосуна кирип, оодарылып калган

1222
Белгилер:
митинг, жашоочулар, жол, Кадамжай
Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (512)
Нарын облусу. Архивдик сүрөт

Өкмөт Нарынга 300 үй-бүлө үчүн эксперименталдык айыл курууга белсенүүдө

4
(жаңыланган 11:13 05.12.2020)
Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Нарын облусуна "Ак-Тилек" деп аталган эксперименталдык конуш курууга белсенип жатат. Тийиштүү буйруктун долбоорун Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы конуш Ак-Талаа районунда пайда болору айтылган. Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда. 1990-жылдын аягынан 2010-жылга чейин бул аймактарда бир нече жолу жер силкинип, сел түшүп кыйроолорго алып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жердин тургундарын көчүрүү зарыл деген корутунду чыгарган.

Ак-Тилек конушу 300 турак жайга (1500 адам) ылайыкташкан. Курулуш агенттиги жерлер 2019-жылдын ноябрында эле өкмөттүн токтому менен трансформация болгонун билдирди.

Конушту куруу жана пландаштыруу боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу (конструкция, курулуш материалдары, инженердик камсыздоо системасы) чечими кабыл алынгандыктан эксперименталдуу калктуу конуш деген макам берилет.

Ошондой эле планын иштеп чыгууда шаар куруу боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана экологияга аяр мамиле жасоо принциби колдонулганы белгиленет. Үйлөрдүн ичи жылуу жана жер титирөөгө туруштук берүү деңгээли жогору болоруна ишендирет.

Долбоордун суммасы жазылган эмес, бирок өкмөт ага бюджеттик каражат коротулбай турганын айтты. БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу каражат жана инвестиция тартылары күтүлүүдө. Бул боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн.

Техникалык документациясы менен өкмөттүн сайтынан кененирээк таанышууга болот.

4
Белгилер:
айыл, тургун, курулуш, Нарын, жаңы конуштар
Тема боюнча
Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп
Өзгөн менен Араванда эки төрөт үйү пайдаланууга берилди
Бышырылган жумуртка. Архив

Адис: жумуртка диабеттен жабыркагандар үчүн пайдалуу тамак

27
Дарыгерлер жумурткадан жасалган эртең мененки тамак адамды узак убакытка ток кармап, денедеги майдын азайышына өбөлгө болорун белгилешет.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жумуртка экинчи типтеги диабет менен жабыркагандар үчүн пайдалуу азык. Бул тууралуу РИА Новости Америкалык диабет ассоциациясына шилтеме берип жазды.

Адистер тооктун бир жумурткасында бир граммга жетпеген углевод жана жети граммга жакын белок бар экендигин айтышат. Мындан сырткары, жумуртка нервди жана булчуңдарды чыңдап, жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртуучу калийдин булагы экендигин белгилешет.

"Жумуртканы ачкарын такай жеп туруу экинчи типтеги диабет менен жабыркаган адамдардын канындагы глюкозанын деңгээлин жакшыртууга мүмкүн экенин изилдөөлөр көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлер жумурткадан жасалган эртең мененки тамак адамды узак убакытка ток кармап, ашыкча тамак жеп алуудан сактап, денедеги майдын азайышына өбөлгө болорун белгилешет.

27
Белгилер:
жумуртка, кеңеш, диабет, диета, ден соолук
Тема боюнча
Кант диабети менен ооругандар арзандатылган тесттерди сатып алса болот
Немец диетологдору ачкарын жегенге болбой турган азыктарды атады