Мэрия: Бишкекте беш медресе мыйзамсыз иштеп жатат. Тизме

© Sputnik / Марк Агнор / Медиабанкка өтүүМечит. Архив
Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул диний окуу жайлары тиешелүү документтерин тактамайын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулат.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Свердлов районунда текшерүүгө алынган алты медресенин бешөө Дин иштери боюнча комиссия менен Мусулмандар дин башкармалыгынан каттоодон өтпөгөндүгү аныкталды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бир нече күндөн бери курамына ИИМдин 10-бөлүмүнүн, Дин башкармалыгынын, райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү кирген комиссия тобу диний билим берүү мекемелерин текшерүүгө алган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан "Биринчи Кадам", "Абубакир Сыдык", "Муртазали", "Ыйык биримдик" жана "Мускан Торо" медреселери каттоосу жок иштеп жатканы маалым болду",  — деп билдиришти мэриядан.

Текшерүү учурунда аталган мекемелерде техникалык коопсуздук менен гигиеналык нормалар сакталбаганы аныкталган. Мындан улам бул мекемелер тиешелүү документтерин даярдаганча анын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча каттар тиешелүү жактарга жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0