Аламүдүн районундагы мектептерге кыргыз тилиндеги китептер берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековУчебник по кыргызскому языку в школе
Учебник по кыргызскому языку в школе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министринин орун басарынын айтымында, өлкөдөгү 2150 мектептин фонду 264 450 даана китеп менен толукталат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылындагы мектепке 600дөн ашык кыргыз тилиндеги китептер берилгенин Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мектеп парталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мургабдагы кыргыз балдар эне тилдеги китептерге муктаж
Китептерди тапшыруу аземине министрдин орун басары Салидин Калдыбаев баштаган өкүлдөр катышкан.

Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин өлкөдөгү бардык мектептерге "Бирге окуйбуз" долбоорунун алкагында башталгыч класстар үчүн кыргыз тилиндеги китептер тапшырылат.

Калдыбаев өлкөдөгү 2150 мектептин фонду 264 450 даана китеп менен толукталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0