Бишкекте аялдамалар оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектин айрым бөлүктөрүндө аялдамалар оңдоп-түзөлө баштады
Бишкектин айрым бөлүктөрүндө аялдамалар оңдоп-түзөлө баштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдамалардын ремонту сентябрь айына чейин бүтүп калат.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкектин айрым бөлүктөрүндө аялдамалар оңдоп-түзөлө баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Свердлов райондук администрациясы муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмү менен аялдамаларды оңдоо боюнча план иштеп чыккан.

"Ижарачылар өз чөнтөгүнөн планга киргизилген 35 аялдаманы оңдоп, аларды тазалоо, сырдоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы аралыкта аялдамаларга отургуч жана таштанды челектер орнотула баштайт. Бул жайларды план боюнча сентябрь айына чейин бүткөрүү каралган", — деп жазылат маалыматта.

Учурда Чыгыш-5 кичирайонундагы, Абдрахманов-Бөкөнбаев жана Москва-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамалардын ремонту аяктоо алдында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0