Местные жители после авиакрушения самолета Boeing-747 в поселке Дача-СУ

Эргешов: Дача айылынын тургундары жер тилкеси берилбесе, статус берүүнү суранууда

116
(жаңыланган 10:39 02.03.2017)
"Кыргызстан" фракциясынын депутаты айыл тургундары башка жакка көчүүгө даяр экенин, эгер жер тилкеси берилбесе статус берүүнү суранып жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Дача айылынын тургундары конушка айыл өкмөт деген статус берүүнү суранууда. Бул тууралуу "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмаз Эргешов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Эске сала кетсек, 16-январда аталган айылга учак кулап, 39 адам каза болгон. 

"Дача айылынын тургундары кат менен кайрылды. Айрымдар аларды жерди басып алышкан деген маалыматтарды айтып жатышат. Андай эмес. Алар жерлерди басып алышкан эмес. Аталган айылда беш миңдей адам жашайт. Аэропортко жакын жашагандыктан айыл өкмөт деген статус берилген эмес. Бүгүнкү күндө алар жер тилке берилсе башка жакка көчкөнгө даяр. Эгерде жер берилбесе айыл өкмөт деген статус берүүнү суранууда", — деди депутат.

Эске сала кетсек, аталган кырсыкты иликтеген депутаттык комиссия кошумча убакыт сурып, иликтөө мөөнөтүн узартты.

116
Белгилер:
учак, Алмаз Эргешов, Дача СУ
Тема:
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери (226)
Тема боюнча
Түркия кулаган учактагы жүк Атамбаевге тиешелүү деген маалыматты четке какты
Дача айылындагы авиакырсыктын иликтөөсү интернетке чыкты
Дача айылындагы авиакырсыктын чыгымдары эсептелип бүттү
Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив

Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео

198
(жаңыланган 00:03 19.01.2021)
Милиционерлер маршрутка маселесинен улам аялдамаларда калган бишкектиктерге жардам берип, үйлөрүнө жеткирип жатышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.

Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.

Мэриядан бүгүн калаадагы 1350 микроавтобустардын 400-450сү ишке чыкты деген маалымат берген. Шаардык транспорт башкармалыгынан маршруттук каттамдардын 90 пайызы кадимки калыбында иштеп жатат дешкен. Ал эми кечкурун аялдамаларда эл топтоло баштап, коомдук транспортту күткөндөр көбөйгөндө Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Улан Бейшенбаев маршрутка боюнча кырдаал турукташкандыгын, ал эми жогорудагы көрүнүш автотыгын менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жообун айткан.

198
Белгилер:
жардам, милиция, маршрутка, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео
Дарыгер ымыркайды оорукананын төрөт бөлүмүндө текшерип жатат. Архив

ЖМК: Болгарияда бала COVID-19га туруштук берген артыкчылык менен төрөлдү

126
(жаңыланган 22:08 18.01.2021)
Кош бойлуу аял ооруканага коронавирус менен катуу жабыркап түшкөнү айтылган. Бала жарыкка келгенден кийин дарыгерлер таң калыштуу жагдайга туш болгон.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.

Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.

Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.

126
Белгилер:
коронавирус, антитело, ымыркай, Болгария
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
КР калкынын канчасында коронавируска каршы антитело бар? Изилдөөнүн жыйынтыгы
ДССУ: пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпейт