Facebook өзүн-өзү өлтүрүүгө ыктагандарды байкап, таап чыгат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Фейсбук"
Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Механизм жазылган комментарийлерди анализдеп чыгат да, андан кийин алынган маалыматтарды иликтөөчүлөрдүн командасына жиберет.

БИШКЕК, 2-мар. – Sputnik. Facebook социалдык тармагы өзүн-өзү өлтүрүүгө ыктаган колдонуучуларды жасалма интеллект менен аныктап, таап чыгат. Бул туурасында РИА Новости "Би-Би-Си" радиосуна таянып кабарлады. 

Facebook кооптуулук жараткан чалууларды, алардын жазгандарын тааный турган алгоритмди иштеп чыккан. Жасалма интеллект анын жазган постторунан көңүлү чөккөн, жаны кейип турганы боюнча сөздөрдү издейт. Андан сырткары достору, тааныштары менен болгон жазышуулардындагы "Баары жакшыбы, эмне болуп жатасың?", "Сен үчүн кабатыр болуп жатам" деген сыяктуу сөздөрдү тапса, дароо өзүнө каттап алат.

Фото со страницы Facebook пользователя ‎El Dorado - Sputnik Кыргызстан
Социалдык тармакта "Антикит" флешмобу өтүп жатат
Би-Би-Си радиосунун маалыматына караганда, механизм ал адамдын жардамга муктаждыгын аныктоо үчүн пикирлер менен ага жазылган комментарийлерди анализдеп чыгат да, андан кийин алынган маалыматтарды иликтөөчүлөрдүн командасына жиберет.

Бул программа боюнча иштеген атайын топтун жетекчиси аталган чаралар "пайдалуу гана эмес, абдан зарыл болуп турганын" айтты. Бул долбоор азырынча АКШда гана ишке кирген.

Facebook психикалык саламаттык боюнча иштеген бир нече уюмдар менен кызматташып жаткандыгын кабарлады. Өзүнүн өмүрүнө кол салууга ыктаган адамдар атайын ылайыкташкан мессенжер аркылуу алар менен байланыша алат. Мындан сырткары, социалдык тармак онлайн-видео учурунда өмүрүн кыюуга жакын адамдарды таап чыга турган механизмди түзүү боюнча иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0