Чубак ажы менен Абдишүкүр ажы Новосибирскидеги мекендештерден кабар алды

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с Чубак ажы Жалиловым
Интервью с Чубак ажы Жалиловым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абдишүкүр ажы Нарматов менен Чубак ажы Жалилов Россиянын бир нече шаарларына мекендештер менен жолугушуу үчүн сапар тарткан.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана Чубак ажы Жалилов Новосибирск шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Каныбек Акаев менен жолугушту. Бул тууралуу Мусулмандар дин башкармалыгынын сайтына жарыяланды.

"Кыргыз диаспорасынын жетекчиси дин аалымдарын жылуу кабыл алып, өздөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча кабар берди. Ошондой эле 16-январдагы Дача айылындагы учак кырсыгынан жабыр тарткандарга Новосибирск шаарындагы мекендештер тарабынан 400 миң рубль жардам көрсөтүлгөндүгүн билдиришти", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Абдишүкүр ажы Нарматов менен Чубак ажы Жалилов Россиянын бир нече шаарларына мекендештер менен жолугушуу үчүн сапар тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0