Жумабеков: Илим Карыпбеков басканга жарап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековМен жашоодон кыянаттыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөндүм.
Мен жашоодон кыянаттыкка жакшылык менен жооп берүүнү үйрөндүм. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер бейтап качан реанимациядан чыга турганын айтуу азыр эртелик кыларын кошумчалады.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков басканга жарап калгандыгын Бишкектеги травматология жана ортопедия борборунун директору Сабырбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, кайра соккон. Ошол эле күнү Минск шаарынан Карыпбековдун апасы учуп келген.

"Илимдин абалы жакшырып, басканга жарап калды. Буйруса ички органдары калыбына келе баштады", — деди Жумабеков.

Дарыгер Илим Карыпбеков качан реанимациядан чыга турганын айтуу азыр эртелик кыларын кошумчалады.

Жол кырсыгына кабылган Илим Карыпбековго биринчилерден болуп жардам берген Тез жардам кызматкерлери менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0