Мэрия: мамлекеттик желек Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде тосмо катары колдонулган

© пресс-служба мэрии города БишкекНадругательство над государственной символикой
Надругательство над государственной символикой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тууну мазактагандарга карата мыйзам боюнча айып пул же эркинен ажыратуу каралган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Медеров жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн ээси мамлекеттик желекке аяр мамиле жасабагандыгын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Дүкөндө иштегендер желекти тосмо катары колдонуп келишкен. Мындай аракет мамлекеттик символикаларга сый-урмат менен мамиле жасабагандык катары эсептелет. Бул фактыны Санитардык-экологиялык инспекциясы рейд учурунда аныктаган. Андагы кызматкерлер желекти алып салууга каршылык көрсөтүшкөн.

Празднование 25-летия государственного флага в мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Өлкө аймактарында мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө
Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары жана өлкө аймагындагы башка кишилер мамлекеттик символдорго сый-урмат менен мамиле кылууга милдеттүү. Желек, герб же гимнди мазактагандар мыйзам боюнча жоопко тартылат. Кылмыш кодексине ылайык, 5-10 миң сом айып пул же бир жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Дүкөн ээсине карата азырынча эч кандай чара көрүлө элек.

Эске салсак, 3-март Мамлекеттик туу күнү катары 2010-жылдан тарта белгиленип келет. Быйыл ага 25-жыл толду.

Жаңылыктар түрмөгү
0