Асылыма, Атама, Апама, кут белек! Майрамга карата кыргызча открытка бер

© Фото / Каныбек уулу МаксатБолот Акматов менен Максат Каныбек уулу "Ачык каттын" максаты жана түрлөрү тууралуу айтып беришти
Болот Акматов менен Максат Каныбек уулу Ачык каттын максаты жана түрлөрү тууралуу айтып беришти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздар эзелтен бери батага, каалоо-тилекке, алкыш сөздөргө өзгөчө маани берип келген. Жортуулга аттанаарда, балалуу болгондо, баш кошкондо жана башка учурларда эки алаканын жайып өздөрүнүн каалоолорун айтышкан.

Комуз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Учкул сөздүн устаты Алдаш Белек уулу
Ушундай өзгөчө күндөргө карата эми кыргызча открытка берүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Анда эмесе жакындарыңызга "Ачык кат" берип көңүлдөрүн көтөрүңүз.

Болот Акматов менен Максат Каныбек уулу "Ачык каттын" максаты жана түрлөрү тууралуу айтып беришти.

— Мындай оригиналдуу белек эмнеден улам "Ачык кат" деп аталып калды?

Болот: — "Открытка" деген сөздүн кыргызчасын көптөгөн тилчилерден сураганда алар эң жакыны ушул "Ачык кат" экенин айтышты. Башынан аягына чейин кыргызча болуп жаткандан кийин атын да кыргызча кылалы дедик. Анын негизги максаты кыз-жигиттин уялып айта албаган жашыруун сырларын сөз берметтери аркылуу баракка түшүрүү.

© Фото / Каныбек уулу МаксатБолот Акматов менен Максат Каныбек уулу ойлоп тапкан "Ачык кат"
Болот Акматов менен Максат Каныбек уулу ойлоп тапкан Ачык кат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Болот Акматов менен Максат Каныбек уулу ойлоп тапкан "Ачык кат"
© Фото / Каныбек уулу МаксатБолот Акматов менен Максат Каныбек уулу ойлоп тапкан "Ачык кат"
Болот Акматов менен Максат Каныбек уулу ойлоп тапкан Ачык кат - Sputnik Кыргызстан
2/3

3/3

— Ачык каттын чыгуусунун максаты кандай?

Максат: — Карап көрсөк ачык каттар (открытка) жалаң орус тилинде экен. Ушундан улам кыргыз улуттук колорити аркылуу элге оригиналдуу каалоо-тилектерди суналы деген ой жаралды. Ачык катта жылкы жетелеген жигиттин, улуттук кийимчен кыздын жана өлкөбүздүн кооз жерлери тартылган.

— Байкап көрсөм бири-биринен айырмаланып турат экен. Ар бири тууралуу сөз кылсаӊыз?

Болот: — Ата-энелердин туулган күнү же кандайдыр бир майрамдары болот эмеспи. Ошол учурга ылайыктап "Атама" жана "Апама" деген ачык катты чыгардык. "Асылыма" дегени болсо бүтүндөй аял затына арналган. Ал эми "Кут белек" болсо жакын адамдарыбызга, тууган, дос, курбуларга арналат. Жакынкы аралыкта дагы башка түрлөрүн чыгаралы деп жатабыз.

— Ачык каттын ичиндеги каалоо-тилектерди ким жазып берип жатат?

Болот: — Ачык каттын ичине жазылган каалоолор "Бата" деген китептен алынган. Кээ бирлерин өзүбүз улуу муундардан сураштыруу аркылуу жазып жатабыз.

Бата берип жаткан аксакалдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өргөөңөр башка, казаныңар ашка толсун! Бата деген эмне?
— Алдыда кандай пландарыӊыздар бар?

Максат: — Келе жаткан 8-март күнүнө карата дагы төрт түрүн чыгаралы деп жатабыз. Кут белектин эки түрү кошулат. Биринин сырты гүлдөр менен курчалса, экинчиси кийиз, шырдак орнаменти менен кооздолот. Ал менен бирге "Апама" менен "Асылыма" дегендин да жаңы түрлөрүн даярдап жатабыз. Бул ачык каттар, бизден 8-март айымдардын эл аралык күнүнө белек болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0