Ырчы Анара Шаимкулованын архивдик сүрөтү. Архив

Анара Шаимкулованын айылга каты. Энемди көргөн өлбөсүн, атамдын дени сак болсун

(жаңыланган 14:32 05.03.2017)
Бул катты окуган адам азыр эле Сузактын Карамарт айылына жөнөчүдөй экен. Сүрөттөлгөн табият эрксизден өзүнө тартпай койбойт. Айылга жазган дубай саламдын ээси — арген үндүү Анара Шаимкулова болду.

Айда аман, жылда эсен жүрөсүңөрбү, айылдаштарым?
Барганымда сагынып жазар жарпым,
Баага сыйбас жүрөктө сенин баркың.
Төрөлгөндөн төрүңдө эркелегем,
Төркүнүмсүң, үйүмсүң Карамартым.

Карамартым. Жалал-Абаддын Сузак районундагы тунук булактары коңгуроодой шылдыраган, тоолуу, алмалуу, жаңгактуу айыл. Киндик каным таамп, балалыгымдын издери калган жер, жан дүйнөмдүн түнөгү. Бул катты дал өзүңө жолдоп жатып, алгач айылдагы ага-тууган, эли-журтумдун амандыгын сурап, амандашайын. Айда аман, жылда эсен жүрөсүңөрбү? Сууктун мизи кайтып, күндүн көзү көрүнүп калды, адаттагыңдай кулпура баштагандырсың, айылым? Айланаң аппак карга жамынган кышың, көрктөнүп жылуулук, сулуулук тартуулаган жазың, берекелүү күзүң, жайлоосу жыпар жыттанган жайың дайым эсте.

Кыргызская фольклорная певица Анара Шайымкулова. Архивное фото
© Фото / Эрлан Райымкулов
Анара Шаимкулова: күзүндө ар кимдин кашасындагы алмадан жеп олтуруп үйгө жеткен, кышында сумкесин көтөргөн кызыл пальточон кыздын карааны азыр көз алдыма тартылууда.

Эсимде, мектебим үйүбүздөн алда канча алысыраак болгондуктан, сабакка баратканда, сабактан келатканда жолдо ката кыялга батаар элем. Күзүндө ар кимдин кашасындагы алмадан жеп олтуруп үйгө жеткен, кышында сумкесин көтөргөн кызыл пальточон кыздын карааны азыр көз алдыма тартылууда. Азыр айыл чоңоюп, мектеп салынып, өзгөргөндүр.

Жашыл кырды жаңыртып ырдаганым,
Жашыл үмүт, тилекти жыйнагамын.
Жалгыз сага төгүлүп айтаар элем,
Жалындаган бир күчтүн кыйнаганын.

Жайлоодон айылга бээнин сүтүн ташыган чоң атам менен чоң энем

Ыраматылык чоң атам менен чоң энемди эстебей коё албайм. Анткени, алардын мага болгон камкордугу өтө зор болгон. Мен өтө алсыз болуп төрөлүп, ооруканага көп жатканымды, чоң апам жайлоодон бээнин сүтүн саап, куюп берсе, аны чоң атам жылуу кезинде ичсин, муздап калбасын деп, колтугуна кысып алып үйгө алып келчү экен. Ошондогу бээнин сүтү мага күч-кубат берип, жакшы болуп кеткенимди кийин угуп, алардын атын чыгарсам деген аруу тилек дайым оюмда жашайт. И баса, баарынан дагы "Ыйлаактыгы башкача болчу, көрсө ошондо эле ырчы болмок тура, бул кыз" деген жакын туугандар менен кошуналар, силерге да сагынычтуу салам айтам. Айылдан ары тоону ашкандагы Ак-Суу жайлоосунда илгеркидей, колхоз, совхоз, кымыз планды толтурмай деген турмуштун ордуна чөнтөк телефондор менен сүйлөшүп, спутник антеннанын каналдарын көргөн заманбап малчылар жайлап калышса экен. Бирок мени ошол эски күндөр сагындырат. Ак-Суунун жашыл жаратылышын сүрөттөп айтсам, сөз жетпес. Эгерде сүрөтчү тартса өзгөчө пейзаж жаралмак. Тоо башындагы мөңгүлөрдөн агып түшкөн шаркыратма бар эле, анын шары азыр да жаңырып турса керек. Ойлоп көрсөм, жайлоого бара элегиме көп болуптур. Карагат, бүлдүркөн терип жеген күндөрдү сагынып жүрөм. Анан дагы айыл четиндеги булакка көп барар элем. Азыр деле сен ошондой мөлтүрөгөн тунук бойдон агып жаткандырсың, бирок мен андагыдай Анара эмесмин. Өзгөрдүм, өстүм, жолдош күтүп, эне болуп, элиме кызмат кылууга бел байладым.

Шыбырачу шамалың: чурка, талпын,
Шыгың менен кубансын айыл-калкың.
Шыдыр басып кетүүгө улуу жолго,
Шыктандырдың айылым – Карамартым.

Кыргызская фольклорная певица Анара Шайымкулова. Архивное фото
© Фото / Эрлан Райымкулов
Анара Шаимкулова: ойлоп көрсөм, жайлоого бара элегиме көп болуптур. Карагат, бүлдүркөн терип жеген күндөрдү сагынып жүрөм

Апамды көргөн өлбөсүн…

Айылым, сени эстеп, удаа бир туугандарымды, чоңойгон үйдү, атынын канжыгасына чанач толо кымызын байланган атамды, үй жумуштары менен күйпөлөктөп жүргөн апамдын караанын элестетип жатам. Жашоомдогу кайра кайталанбаган бактылуу күндөрүм өз кучагыңда калды, анткени ал кезде ыраматылык апамдын көзү тирүү эле. Бүгүн мага бир гана апам жетишпей тургандай. "Атаңды көргөн өлбөсүн" деген сыңары, апамдын талантына коңшу-колоң, тууган-туушкан өзүңөр күбөсүңөр. Айылдагы тойлорду, ыр кеселерди дайым шаңга бөлөп, ырын ырдап жүргөнү эсиңерде чыгар. Жан дүйнөсү чыгармачылыкты кааласа дагы, апам айыл тиричилигин жөндөөнү, жети баласынын жанында болуп, татыктуу тарбия берүүнү туура көргөн. Бирок үйдөн дайым кыңылдап ырдап жүрөр эле. Бир кездеги апам жетпеген нерсеге бүгүн мен жетип турган чагым десем туура болот. Шооладай назик, бирок көкүрөктү тээп, жан дүйнөмдү жарып чыккан талант деген табият тартуусун таптап келе жатам. Кээде апам жөнүндө ойлонуп, жан дүйнөмдө жарык жылдыз сыңары жашаган анын жаркын элеси менен сырдашам. Балким, апамдын сөөгү жаткан үчүн дагы менде айылыма, туулган жериме болгон сезим башкачадыр. Ал эми ата, сиздин бар экениңизге каниет кылам. Алтымыш беш жаштын суусун ичип, төрүбүздүн көркү болуп олтурганыңыз биз үчүн чоң дөөлөт. Ден соолугуңузду тилейм, оорубаңыз.

Эс киргенден эселеп үмүт жаркын,
Элдин кызы болсом деп кыял, бактым.
Элдүү жолго ээрчитип жетелеген,
Энем жыттуу уямсың – Карамартым.

Саламым менен, кызыңар Анара Шаимкулова.

Белгилер:
айылга кат, апа, сагыныч, ата, кымыз, ырчы, Анара Шаимкулова
Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү (79)
Тема боюнча
Ырчы Анара Шайымкулова: кайнагам Айбек Карымовдон кеңеш сурагандан тартынам
Муфтийдин айылга каты: арасында жүрсө дагы булуттун, адам кантип өскөн жерин унутсун

Чет өлкөгө чыгуучу паспорт жок Мамкаттоо элди тушап койду. Видео иликтөө

Өлкөдө паспорт кризиси жогорку чегине жетти. Учурда жүздөгөн кыргызстандык жалпы жарандык, башкача айтканда, чет өлкөгө чыгуучу паспорт ала албай убара. Мамлекет эмнеге өз жарандарын жөнөкөй эле паспорт менен камсыздай албай жатат?

Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон жок. Анысы аз келгенсип, эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Адистердин айтымында, эгер көбүрөөк жасатып койгондо маселе жаралмак эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт тартыштыгы эмнеден келип чыкканын иликтеди.

Өзүмдүн паспортумду ала албай убарамын

Бишкек шаарынын тургуну Азиз Субанбеков үй-бүлөсү менен Америкага кетмек. Бирок февраль айынан бери убара болуп жүрөт.

"Өзүмө, жубайыма жана эки кызыма чет өлкөгө чыгуучу паспорт алайын деп Калкты тейлөө борборуна барсам "бланк түгөнүп калган, май айынын башында болот" дешти. Чет өлкөгө кетүүгө бардык маселе чечилген, бизди паспорт гана кармап турат. Эгер авиабилет сатып алган болсоң, анын негизинде берерин айтып жатышат. Бирок ага ишенбейм, жок жерден чоң суммадагы акчага күйүп калгым келбейт", — деди Субанбеков.

Ал эми Венера Таштаналиеванын паспортунун мөөнөтү бүтүп, бир айдан бери алмаштыра албай жүргөнүн айтты. Анын Түркияда туруктуу жумушу, жашаган үйү да бар эле.

"Пандемияда келип кайра кете албай калдым. Кыргызстандын жараны болуп туруп өзүмдүн паспортумду алуу ушунча оор болуп жатат", — деди Таштаналиева.

Паспорт алгандардын саны үч эсе өсүп кетти

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында жалпы жарандык паспорт алгандардын саны үч эсе өсүп кеткенин айтууда.

Председатель Государственной регистрационной службы Кыргызской Республики Акын Мамбеталиев в своем рабочем кабинете
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев
"Былтыр июль айында бизде 300 миңдей паспорт бар болчу. Негизи айына орто эсеп менен 25-30 миң даана берчүбүз. Өткөн жылы COVID көбөйгөн учурда суроо-талап 5-10 миңге түшүп кетти. Анализ кылып көрсөк быйылкы июнга чейин жетмек. Бирок кышында үч эсе жогорулап, үч айда эле 180 миң паспорт бердик. Көбү Казакстан менен Россияга чыга баштады. Анан да бул өлкөлөр эпидкырдаалдан улам жалпы жарандык паспорт менен кирүүнү талап кылган. Кийинчерээк ал чектөөнү алып, кайра ID паспортко уруксат берди", — деди Мамбеталиев.

Деген менен суроо-талап канчага өскөнүн мурунку жылдарга салыштыруу үчүн статистиканы сурасак, Мамкаттоо бере алган жок.

Мурда Таалайбек Жумадыловдун "Интел Линкс" компаниясы кыргыз жарандарынын паспортун басып чыгарчу. Ал мындай кризис биометрикалык паспортторду чыгаруу кечеңдегенден эмес, азыркы колдонуудагы паспорттордун запасы камдалбаганынан жаралганын айтат.

"Мамлекеттик каттоо кызматы алдын ала жылдык запасты сатып алышы керек эле. Алар көбүрөөк камдап коюунун ордуна өз күчүнө ашкере ишенип алышты окшойт. 1-январдан же 1-марттан тарта жаңы долбоорду ишке киргизебиз деп ойлошкон. Бул өндүрүш, күтүлбөгөн жагдайлардын жаралып калуу тобокелчилиги ар дайым болуп келген. Ошондуктан алар кол тийбестик запасын түзгөн эмес. Натыйжада ушундай кырдаалга кептелип отурушат", — деди эксперт.

Учурдагы жалпы жарандык паспортторду англиялык De la Rue компаниясы басып чыгарат. Жумадыловдун айтымында, аталган ишкана "буюртма 300 миңден кем эмес көлөмдө болсун, аны декабрдан кийин гана даярдап беребиз" деген талабын койгон. Себеби айла жоктон буюртма берилип жатканын алар да билип, коммерциялык кызыкчылыгын көздөп жатат.

Мамкаттоонун төрагасынын мындай буюртма берүү ниети жок. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып май айынын аягында жаңы үлгүдөгү паспорттор элдин колуна тиерин убадалады. Учурда тендерден уткан германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы 1 миллион 200 миң даана бланк басып чыгарып койгон. Ага персоналдык маалыматтарды Мамкаттоо өзү киргизет. Бул үчүн 2017-жылы жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен алынган.

Паспорт аларың менен чет өлкөгө чыга албайсың

Майга чейин жасап жетишери да шек жаратат. Себеби азыркыга чейин жаңы муундагы паспорттордун сүрөттөлүшү, үлгүлөрү жана жарактуулук мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому чыга элек. Андан соң жаңы документти Эл аралык жарандык авиация уюмуна мүчө мамлекеттер (ICAO) таанышы керек. Башкача айтканда, Тышкы иштер министрлиги аркылуу жаңы паспорттун үлгүсү чет мамлекеттерге жөнөтүлүп, алардын тийиштүү органдары кабардар болушу шарт.

Премьер-министр Улукбек Марипов кабарлады Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Эксперттин айтымында, легализациялоо процессине 90 күндүк убакыт кетет. Демек, жарандарга майда паспорт берилген чакта да дароо эле каалаган өлкөсүнө чыгып кете албайт.

Мунун айынан кимдир бирөө көздөгөн жумушуна, окуусуна бара албай, дагы бирөөнүн кыялы орундалбай калышы мүмкүн. Ошондой эле чет өлкөдө дарыланууга, операция жасатууга муктаж жарандардын өмүрү коркунучта. Мындан улам элдин убалы кимге деген суроо жаралат?

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев паспорт кризиси үчүн эч ким жоопко тартылбаганын сындады.

Депутат Жогорку Кенеша Аалы Карашев
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев
"Бизге бул өнөкөт болуп калды. Башка өлкөлөргө деле уят болуп бүтмөй болдук. Күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин караш керек. Буга эл күнөөлүү эмес да. Качанкыга чейин ушинтип жүрө беребиз?" — деди Карашев.

Өз кезегинде Акын Мамбеталиев мындай кырдаалга кептелгени үчүн жетекчи катары элден кечирим сурады.

Ошону менен бирге ал 14-апрелге карата 11 800дөй бланк калганын билдирди. Учурда жалпы жарандык паспорт негиздеме менен гана берилип жатат.

"Чет өлкөгө дарыланууга, ооруган кишини коштоп барчулар, окууга тапшыруучулар, ал жактагы ата-энелер балдарын өзүнө чакырууну кааласа бизге арыз жазышы керек. Комиссия карап четинен берип жатат. Ал эми эс алууга бараткандарга паспорт бере албайбыз", — деди Мамбеталиев.

Эксперт Таалайбек Жумадылов дефицит жаралган учурда кырдаалдан акча жасоого азгырылгандар сөзсүз түрдө чыгарын белгилеп, азыркыдай шартта паспорт алуу үчүн 1 500 долларга чейин берип жатканын айтты.

Демек, мындан да акча жасагандар чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт сыяктуу.

Дизайны эмнеге өзгөрдү

Эми тарыхка бир аз токтоло кетели. Биометрикалык жалпы жарандык паспортко өтүү жараяны 2018-жылы башталган. Кийинчерээк ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мындай дизайндагы паспорт иштеп чыгышкан.

Ал эми 2020-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы коопсуздук элементтерин күчөтүү максатында деп өз алдынча эле сырткы көрүнүшүн ушундай кылып өзгөрткөн. Бул дизайн көпчүлүккө жага бербей, шакаба кылгандар да болгон.

Мыйзам боюнча жаңы үлгүдөгү паспорт өкмөттүн токтому менен кабыл алынышы керек эле. Бирок жарандар кандай паспорт менен жүрүшү керектигин Мамкаттоонун жетекчилиги гана чечип койгон.

Эми убагында бүтпөсө катуу жазаланат

Март айында өкмөт башчы Улукбек Марипов биометрикалык паспорт өз мөөнөтүндө даярдалбаганы үчүн Мамкаттоонун төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батыркановду жумуштан алган. Эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.

Ал эми мөөнөтү бүтүп бараткан жалпы жарандык паспорттун мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартуу чечими кабыл алынган. Бирок бул да элди сооротуунун бир түрү катары кабылданууда. Себеби документтин жарактуулугун узартуу үчүн паспортко штамп гана басылат. Ага кабыл алчу өлкөлөр ишенери күмөн, себеби аны жасалмалап коюу да мүмкүн.

Ал эми алты ай же бир жылга виза ачтырууну каалагандардын жаңы паспорттун келишин күтүүдөн башка айласы жок.

Белгилер:
Акын Мамбеталиев, Кыргызстан, жаран, дефицит, паспорт, Мамлекеттик каттоо кызматы
Тема боюнча
Ишканалар канча сомдон төлөйт? Электр кубаты үчүн сунушталган бардык тарифтер
Бир айда 20 миң адам паспорт алып, жарымы улутун көрсөттүрдү
Кадыр түн учурунда мусулмандар. Архив

Кадыр түн качан болору айтылды

(жаңыланган 16:56 22.04.2021)
Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат. 

Белгилер:
муфтият, орозо, Кадыр түн, Кыргызстан
Тема:
Орозо-2021
Тема боюнча
Касиеттүү түн интернет менен өтпөшү керек! Кадыр түнгө карата 7 "болбойт"