Блогерлер көзөмөлдөнбөйт. Чуулгандуу мыйзам долбоор артка чакырылды

© AP Photo / L.G. PattersonКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактын колдонуучуларынын басымынан улам, мыйзам долбоорунун демилгечилери документти артка чакыртып алды.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары интернеттеги жарыяларды көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбоорун кайра чакыртып алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган документтин демилгечилеринин бири вице-спикер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

3-март күнү 1000ден ашык окурмандары бар интернет-сайттар менен баракчалардын (блоггер) ээлерине анда жайгашкан маалыматтардын тактыгын көзөмөлдөө милдетин жүктөгөн мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлган.

"Бизге интернет колдонуучулары тарабынан толгон-токой каттар келип жатты. Коомчулуктун пикирин эске алуу биздин милдет. Мыйзамдын пайдасынан зыяны көп болот деген пикирлер арбын болгондуктан, долбоорду коомдук талкуудан алып салууну туура көрдүк", — деди вице-спикер.

Анткен менен маалымат талаасына тараган жалган билдирүүлөрдү чектөө боюнча талкууну улантуу керектигин Өмүрбекова кошумчалады. Анын айтымында, демилгечилер бул талаш-тартышты Жогорку Кеңештин регламентинен тышкары өткөрүүнү пландашууда. Аталган маселе тегерек столдо жана иш-чараларда көтөрүлүп, талкууга социалдык тармактын колдонуучулары дагы чакырылмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0