"Живая природа" каналы Кыргызстан тууралуу тасманын экинчи бөлүгүн көрсөттү

© Фото / Геннадий ЗакировШаркыратма. Архив
Шаркыратма. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи бөлүктө каналдын алып баруучусу Константин Бышевой өлкөнүн символу болгон өсүмдүктү издөөгө жөнөйт.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Россиянын "Живая планета" телеканалы Кыргызстан тууралуу толук метраждуу тасманын экинчи бөлүгүн сунуштады.

Мындан бир жума мурун өлкө тууралуу фильмдин биринчи сериясы көрсөтүлүп, анда Кыргызстандын ажайып кооздугу менен элдин каада-салты тууралуу айтылат. 

Даректүү тасманын экинчи сериясында каналдын алып баруучусу Константин Бышевой Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн чагылдырууга аракет кылат.

"Кыргызстан чындап эле ажайып өлкө. Франциянын Альп тоолорун, Италиянын Доломитин, керек болсо өзүмдүн Уралымдын элесин көрдүм", — дейт Бышевой.

Фотографии известного режиссера Тимура Тугалева, сделанные на озере Сон-Коль - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан тууралуу тартылган ролик National Geographic сынагынын жеңүүчүсү болду
Алып баруучу тоолорду аралап, деңиз деңгээлинен 2600 метр бийиктиктен козу кулак менен марал кулак таап, аны жергиликтүү эл дары катары колдонорун белгилеген.

"Кыргызстандын символу болуп Тянь-Шань карагайы эсептелет өңдүү. Климаттын оордугуна карабай асманга бой керип, көз жоосун алып турат", — деп тасманы жыйынтыктайт.

Даректүү тасма былтыр май айында тартылган.

Кыргызстанга саякат жасоо жана анын баасы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0