Бишкектеги мамлекеттик кызматкерлерге пайызсыз ипотека берүү демилгеленди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган программага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер 5-10 жылга пайызсыз насыя алууга мүмкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы мамлекеттик кызматкерлерге пайызсыз ипотека берүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин (БШК) маалымат кызматы билдирди.

БШКнын социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы ипотекалык программа иштеп чыкты.

"10 миң сомго чейин маяна алган мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлердин үй алуусу дээрлик мүмкүн эмес. Ошондуктан алар үчүн пайызсыз ипотека берүү маселеси көтөрүлдү", — деп жазылат маалыматта.

Аталган программага ылайык, мамлекеттик кызматкерлер 5-10 жылга пайызсыз ипотека алууга мүмкүнчүлүк алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0