Нефрологдор коому: бөйрөк оорулары менен күрөшүү тунгуюкка кептелди

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЦентр гемодиализа в Москве
Центр гемодиализа в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөйрөгүнөн жабыркагандарды дарылоо үчүн адистер тартыш болуп жатканын дарыгерлер коңгуроо кылып кагууда. Андан сырткары, керектүү дарыларды табуу дагы оорчулук жаратып келет.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бөйрөк оорулары менен күрөшүү тунгуюкка кептелди. Бул тууралуу нефрологдор илимий коомунун төрагасы, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы урологу Рыспек Калиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү өлкөдө 3төн 30га чейин киши бата турган төрт нефрологиялык бөлүм бар. Адистердин жетишсиздигинен дарыгерлер алдын алуу иштерин жүргүзө албай келет. Андан сырткары, дарылардын кымбат болушу туура дарыланууга тоскоолдуктарды жаратып жатат.

"Саламаттык сактоо системасында иштегендерге маалымат берип, ооруну алгачкы этабында аныктоону үйрөтүп келебиз. Ашыкча салмак, диабет, ангина, кариес жана башка оорулар бөйрөккө таасир берерин айтабыз. Кара-Балта менен Токмоктогу дарыгерлерди окуттук. Жакында аймактарга чыгабыз", — деди Калиев.

Ал ошондой эле учурда ооруну алдын алуу жана аны алгачкы этаптарында аныктоо боюнча программа иштелип чыкканын, бирок министрликтин жетекчилиги ал колдонмону беките электигин кошумчалады.

9-март Дүйнө жүзү боюнча бөйрөк күнү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0