Ошто апаларга 1000ге жакын элечек белекке берилди

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанаты
Ош шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанаты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын намысын коргоп, Ош шаарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон инсандардын апаларына "Үлгүлүү эне" наамдары ыйгарылды.

Ош, 7-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанатта калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев энелерге 1000ге жакын элечек, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берди.

Проект 100 жана 1 элечектен айым (100 и 1 женщина в элечеке) - Sputnik Кыргызстан
Сулууларга суктанууга акым бар. Ажарлуу, жылдыздуу ак элечекчен айымдар
Салтанат Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өттү. Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты.

Шаар мэри бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аялзат үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи.

"Бул күн дүйнөдөгү эң кымбат, эң назик энелерге гана таандык. Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен асылзат айымдарды, апалар, эжелер, карындаштарды Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм", — деди калаа башчысы.

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанатта калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев энелерге 1000ге жакын элечек, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берди
Ош шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанатта калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев энелерге 1000ге жакын элечек, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берди - Sputnik Кыргызстан
1/5
Ош шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанатта калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев энелерге 1000ге жакын элечек, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берди
© Фото / Зульфия ТургуноваСалтанат Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өттү
Салтанат Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өттү - Sputnik Кыргызстан
2/5
Салтанат Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өттү
© Фото / Зульфия ТургуноваИш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты
Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты - Sputnik Кыргызстан
3/5
Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты
© Фото / Зульфия ТургуноваШаар мэри бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аялзат үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи
Шаар мэри бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аялзат үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи - Sputnik Кыргызстан
4/5
Шаар мэри бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аялзат үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи
© Фото / Зульфия ТургуноваМайрамдык салтанатта Кадырбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече аялдарга мэриянын Ардак грамоталары менен баалуу белектерин тапшырды.
Майрамдык салтанатта Кадырбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече аялдарга мэриянын Ардак грамоталары менен баалуу белектерин тапшырды. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Майрамдык салтанатта Кадырбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече аялдарга мэриянын Ардак грамоталары менен баалуу белектерин тапшырды.
1/5
Ош шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүнө карата уюштурган майрамдык салтанатта калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев энелерге 1000ге жакын элечек, кыз-келиндерге кептакыяларды белекке берди
2/5
Салтанат Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өттү
3/5
Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардагы баатыр энелер, эмгектин жана согуштун ардагерлери, ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан айымдар жана коомдук ишмерлер катышты
4/5
Шаар мэри бардык айымдарды майрамы менен куттуктап, аялзат үй-бүлөнүн, жалпы адамзатынын куту, өмүрдүн булагы экендигин белгиледи
5/5
Майрамдык салтанатта Кадырбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече аялдарга мэриянын Ардак грамоталары менен баалуу белектерин тапшырды.

Майрамдык салтанатта Кадырбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана шаардын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкан бир нече аялдарга мэриянын Ардак грамоталары менен баалуу белектерин тапшырды.

Чет өлкөдө Кыргызстандын, шаардын намысын коргогон мыкты спортчулардын, студенттердин, окуучулардын жана шаардын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон инсандардын апаларына "Үлгүлүү эне" наамдары ыйгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0