Ош: көпүрөнүн шыбагы башына тийген кош бойлуу келин үйүнө жеткирилди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстакадалык көпүрөнүн дубалынын шыбагы урап, кош бойлуу келиндин башына тийип, эс-учун жоготкон болчу.

ОШ, 8-мар. — Sputnik. Көпүрөнүн шыбагы урап башына тийген кош бойлуу келинге медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты. 

Эске салсак, 8-мартта саат түшкү экилер чамасында эстакадалык көпүрөнүн дубалынын шыбагы урап, кош бойлуу келиндин башына тийип, эс-учун жоготкон. 

"Навои көчөсүндөгү "Достук" көпүрөсүн курган курулуш компаниянын жетекчилиги тиешелүү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.

Окуя боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0