Кытайлыктар айга төрт астронавты жеткире алган космостук кемени иштеп чыгат

Жазылуу
Кытай буга чейин аталган аракеттерди 2036-жылга чейин аткарып, бул мезгил аралыгында космонавтарын айга учура тургандыгын билдирип келген.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кытайлыктар жаңы муундагы космостук кемени иштеп чыгууда, анын жардамы менен айга төрт астронавты жеткирүүгө болот. Бул тууралуу РИА Новости башкы конструктор Чжан Байнаньга шилтеме жасап билдирди.  

Ага ылайык, башка өлкөлөрдүн пилоттук космостук кемелери орбитага алты астронавты жана 3-4 адамды жеткире алат. Кытайлыктар болсо, бул көрсөткүчкө жетип андан ашып өтүүнү пландоодо.

Башкы конструктор Чжан Байнаньдын айтымында, жаңы муундагы пилоттук космостук кеме азыр иштелип жатат.

"Учурда Кытай өкмөтү жаңы муундагы пилоттук космостук кемени иштеп чыгууда. Анын негизинде кемени көп жолу колдонууга болот",—деди ал.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Кытай аталган аракеттерди 2036-жылга чейин аткарып, космонавтарын айга учура тургандыгын билдирип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0