Муфтият: ажылыкка барчуларды каттоо иши аяктап, 4924 жаран арыз берди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылыкка каттоо иши өлкө боюнча 6-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ажылык сапарга барчуларды каттоо иши жана төлөмдөрдү кабыл алуу аяктагандыгын муфтияттан кабарлашты.

Муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Жолдошбек Абдылдаев: зыяратчылар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты
Меккеге барчуларды каттоо 6-февралдан 6-мартка чейин, бир ай жүргүзүлдү.

"Учурда 4924 жаран ажылыкка баруу үчүн алгачкы төлөм болгон 400 долларды банкка төлөшкөн. Азыркы мезгилде электрондук тизмеге катталган жарандардын документтерин толуктоо жана аларды серверге жайгаштыруу иштери улантылууда", — деп Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан айтышты.

Муфтияттан ажылык сапарга барчуларга берилүүчү квотанын саны 4 585 экендигин, ал эми быйыл ал сандан кийин катталгандар автоматтык түрдө кийинки жылдагы зыяратчылардын тизмесине кирерин айтышты.

"Эгерде арыз берген адам 4 586-болуп катталды дейли. Демек, ал жаран 2018-жылы Меккеге баруучулардын тизмесине автоматтык түрдө киргизилет", — деди муфтияттын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Максат Атабаев.

Буга чейин Кыргызстанга былтыркыга салыштырмалуу 900гө көп квота берилип, 4 585ти түзгөнүн кабарлаган. Ажылык сапардын баасы 2600 доллардын тегерегинде, анын 1550 доллары жол кире.

Жаңылыктар түрмөгү
0