КР жараны уулун Пакистандан алып келе албай жатат. Бишкек Исламабадга кайрылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБлаготворительная программа "Поезд надежды" в Приморье
Благотворительная программа Поезд надежды в Приморье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан жараны Айылчиева күйөөсү экөө Пакистанга көчүп кеткени менен аны аталган өлкөдө кулчулукта кармашкан. Ал эптеп мекенине качып келип, бирок уулун алып чыга албай калган. Аял Пакистандын бардык сотторунда жеңгени менен полиция уулун таба албай келет. Атасы баласын алып, из жашырган.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстан Пакистандын бийлигине өлкө жараны Айылчиеванын көйгөйүн билдирип кайрылды. Аялдын уулу, мурдагы күйөөсү болгон Пакистан жаранынын колунда калган деп билдирди ТИМдин маалымат кызматы.

7-мартта Кыргызстандын Исламабаддагы элчиси Эрик Бейшембиев Пакистандын өкмөт башчысынын тышкы иштер боюнча кеңешчиси Сартажай Азиз менен жолукту.

"Элчи премьер-министрдин кеңешчисине Пакистандын ТИМи аркылуу КР жараны Айылчиеванын көйгөйүн чечүү боюнча көмөк көрсөтүүнү сурады. Эне анын мурдагы күйөөсү, баланын атасы — Пакистан жараны катып алып бербей жаткан уулун кайтарып алууга аракет кылып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Азиз бул маселе ТИМдин жана компетентүү органдардын көзөмөлүндө тургандыгын, эгерде кандайдыр бир маалыматтар түшсө, кыргыз тарапка токтоосуз маалымат берилээрин айтты.

Задержка авиарейсов в аэропорту Шереметьево - Sputnik Кыргызстан
Элчилик: кызы менен аэропортто жашаган аял Москвага алдаткан акчасын өндүргөнү келген
Кыргызстан жараны Айылчиева күйөөсү экөө Пакистанга көчүп кеткени менен аны аталган өлкөдө кулчулукта кармашкан. Ал эптеп мекенине качып келип, бирок уулун алып чыга албай калган. Аял Пакистандын бардык сотторунда жеңгени менен полиция уулун таба албай келет. Атасы баласын алып, из жашырган.

Энеси ошентип уулун эки жылдан бери кайрып ала албай жүрөт. Пакистан соту былтыркы жылдын 13-апрелине чейин Айылчиеванын баласын берүү туурасында чечимин чыгарып берген. Бирок полиция азыркы кезге чейин баланы алган боюнча жок болгон эркек кишинин кайда экендигин аныктай албай жатат.

2016-жылдын апрель айынын ортосунда Пешавар шаарынын соту Хайбер-Пахтунхва провинциясынын полициясы баланы табууга жөндөмсүз болуп жаткандыгын белгилеп, соттун чечиминин мөөнөтүн 26-апрелге чейин узарткан. Бирок бөбөк алиге чейин табыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0