"ВКонтакте" сайты жан кыюуга азгырган сайттарды жабууга макул болду

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүү"ВКонтакте" социалдык тармагынын баракчасы. Архив
ВКонтакте социалдык тармагынын баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлүмгө азгырган сайттардын алдын алуу тийиштүү мамлекеттик органдардын тыкыр көзөмөлүндө турат.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. "ВКонтакте" социалдык тармагы адамдарды өлүмгө азгырган сайттарды жабууга техникалык чараларды көрөрүн РИА Новости маалымат агенттиги билдирди. Мындай чечим балдардын укугу боюнча президенттин өкүлү Анна Кузнецова социалдык тармактын жетекчилиги менен жолуккандан кийин кабыл алынган.

Кузнецова ошондой эле өлүмгө азгырган сайттардын алдын алуу тийиштүү мамлекеттик органдардын тыкыр көзөмөлүндө турарына токтолду.

Белгилей кетсек, Россияда өспүрүмдөр өз өмүрүнө кол салган бир нече факты катталган. Алардын мындай кадамга баруусуна социалдык тармактарда жазылган билдирүүлөр жана чакырыктар түрткөнү тергөө учурунда аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0