Балыкчыда гемодиализ борбору ачылды

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРБалыкчы шаарында гемодиализ борборунун ачылышы болуп өттү
Балыкчы шаарында гемодиализ борборунун ачылышы болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы аталган шаарда бөйрөк кемтиги менен ооруган 16 жаран катталган.

БИШКЕК, 11-март. — Sputnik. Кечээ, 10-мартта, Балыкчы шаарында гемодиализ борборунун ачылышы болуп өттү. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

В Омске открылся высокотехнологичный центр лечения патологии почек - Sputnik Кыргызстан
Бүк түшүргөн бөйрөк оорусу. Гемодиализге байланган балдар...
Аталган борбордун курулуш иштери менен медициналык жабдыктарын алууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү ишкер-меценат көтөргөн. Буга кеткен каражаттын жалпы суммасы 10 миллион сомду түздү. Өткөн жылы аталган шаарда бөйрөк кемтиги менен ооруган 16 жаран катталып, Бишкекке келип кетүүгө аргасыз болчу.

Меценат гемодиализ борбору ачылгандан кийин муниципиалдык менчикке кайтарымсыз түрдө берип, андан кийин Балыкчы аймактык оорукананын балансына өткөрүп берүүнү көздөп жатат.

Бирдиктүү республикалык реестрде бөйрөк оорусу менен жабыркаган 1389 бейтап катталган. Анын ичинен гемодиализге муктаж болгондордун 27си менчик медициналык борборлордо акы төлөп дарыланышат. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмунда 8 жасалма бөйрөк бөлүмү иштейт. Анда 82 диализ аппараты бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0