Бишкек мэри маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетованы иштен алды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетованын архивдик сүрөтү
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ибраимов Алмамбетованы өз калоосу менен арыз жазып кетүүсүн өтүнгөн.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына ал өзү билдирди.

Алмамбетованын айтымында жума күнү мэр Албек Ибраимов анын арыз жазып кетүүсүн өтүнгөн.

"Ал менин кыйын политтехнолог экенимди айтып, шайлоо өнөктүгү менен алектенүүм керектигин жана ага жөнөкөй медиа-адис керек экенин айтты. Мен ишти башка адамга өткөрүп берүү үчүн эмгек өргүүсүн алуу боюнча арыз жазуумду сунуштадым, бирок ал ага макул болгон жок", — деди Алмамбетова.

Ал эми калаа башчысынан бул боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Гуля Алмамбетова Бишкек мэриясынын маалымат кызматын 2015-жылдан бери жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0