Тойдогу фотографтар. Архивдик сүрөт

Фотографтын жанын кашайткан 7 учур

2234
(жаңыланган 10:49 13.03.2017)
Колуна фотоаппарат кармаган профессионал фотограф адамга жолукканда эмнелерди эске алуу керек? Кайсы кадамдарыңыз алардын кыжырын кайнатат? Аталаган суроолорго жооптор төмөнкү макалада.

Чыгармачыл инсандардын жүрөгү назик болоору бышык. Алар бат таарынып, ачуусу чукул. Андыктан мындай адамдарга этият мамиле кылуу зарыл. Бул ирет Бишкектик сүрөтчү чыныгы профессионалдардын жанын кашайткан учурларды айтып берди.

Эл чогулткучтар

Үйлөнүү үлпөтүндө ар кыл персонаждар бар. Алардын ичинен мага жакпаганы эл чогулткучтар. Араң убакыт таап, эки жашты сүрөткө тартайын десең эле бир эже келип кошула калат. Макул, кошула берсин маселе жок. Бирок ал өзү жалгыз кошулбайт да. Сөзсүз бирөөнү чакырат. Анан токтой тур деп: Жаныбек менен Канат байкесин чакырат. Анан кудагыйын балдары менен кошо кел дейт. Ошентип эки адам 20 кишиден ашып, объективди алмаштырууга туура келет. Ушул жерден катуу сөгүнөсүң да… Бирок ичиңден.

Чукул буйрутмалар

Эртең менен чалып, жарым сааттан кийин сүрөткө түшүш керек дегендер болот. Мындайлар сүрөткө түшүп, чукул арада алгысы келет. Бүт аалам токтоп калса да сүрөттөрү маанилүү. Анан "арзандат" дегенде чачырап кетесиң.

Супер моделдер

"Мени бул киши менен тартып койчу. Ии бул кыз менен дагы сүрөткө түшөйүн. Токтоп тур! Отуруп сүрөткө түшөм…", — Кызып калганда супер моделге айлангандар күйдүрөт да күйдүрөт. Алардан качып кутулуу азап.

Өзүн өрт сезгендер

"Эй, фотограф, келчи бери!" — ушундай сөздү укканда дароо ары карап басып кеткиң келет. Өзүлөрүнүн тили менен орой жооп берсең таарынышат. Кандай салам болсо, ошондой жооп болот да.

Өчүр-өчүр! Фу…

Сүрөткө тартып койчу деп жанды койбой суранышат да кайра "жаман түшүп калыпмын, өчүр" дешет. Мен кандай болсо ошондой тарттым да.

"Фотограф, сен жакшы тарта албайт экенсиң!"

Мааракелерде сүрөткө түшүп жаткандар өзүлөрүн Бред Питт же Анжелина Жоли сезгендер күйдүрөт да. Алар 120 килограмм болсо мен аларды кантип Жоли кылмак элем. Ал үчүн залга барып тер төгүш керек бизге таарынбай.

love story учурундагы жигиттер

Кыздар мындай фотосеттерге өзгөчө көңүл буруп, абдан дыкат даярданышат. Атайын көйнөктөрдү сатып алып, эмоциялары менен берилип сүрөткө түшүшөт. Ал эми жигиттер болсо жолдон өтүп бара жатып кокустан кошула калгандай. Бул деген өздүк тарыхта калат го. Андыктан жигиттер да көңүл буруп койсоңор.

P.S. Сүрөтчү өз кесибинин жакшы жактарын да айтып берди. Башкысы алар өтүп бара жаткан өмүрдү бир саамга токтотуп калышат.

2234
Белгилер:
сүрөтчү, фотограф
Тема боюнча
Аш-тойдун маалында ашказанды "сактап" калуунун 7 ыкмасы
Фитнес машыктыруучунун кыжырын кайнаткан беш адат
Тойдум! Студенттердин жинине тийген 8 учур
Тоодогу жамгыр. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

34
Синоптиктер жекшемби күнү Кыргызстанда күн 33 градуска чейин ысый турганын маалымдашты.  Ал эми Чүйдө абанын өзгөрүп турары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жекшемби күнү, 7-июнда, күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +19...+24, ал эми Нарын жергесинде +18...+23 градус болот. 

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +26...+28, Ошто +30...+32 градус болору айтылды. 

34
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Беш күн катары менен жамгыр жаайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.

60 жыл электр жарыгы жетпеген айылга электр мамылары коюлууда

99
(жаңыланган 20:59 06.06.2020)
Жазыкечүүлүктөрдүн сентябрдын башында башка кыргызстандыктар сыяктуу эле электр энергиясын кадимкидей пайдаланып калышары айтылды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду. Бул тууралуу "Жалал-Абад электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.

  • Проводка электричества в селе Жазы-Кечуу Базар-Коргонского района
    Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Проводка электричества в селе Жазы-Кечуу Базар-Коргонского района
    1960-жылы уюштурулган Жазы-Кечүү айылында жергиликтүү жашоочулар электр жарыгы жок жашап келген.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 2
© Фото / Зульфия Тургунова
Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районуна караштуу Жазы-Кечүү айылына бүгүн биринчи ирет жолу электр мамычасы орнотулду.
"Жалал-Абад электр" ишканасы Сузак районунун Кыз-Көл айылы тараптан Жазы-Кечүү айылына 18 чакырым аралыктан аба чубалгыларын тартуу иштерин баштады. 25 миллион сомдук долбоор аталган мекеменин өз каражатынын эсебинен жүргүзүп жатат", —  деп айтылган маалыматта.

Аталган ишканадан электр мамычаларды орнотуу жана башка иштер август айынын соңунда аяктап, 1-сентябрда айылга жарык берилип каларын билдиришти.

Жазы-Кечүү айылы Базар-Коргон районунун борборунан 110 чакырым алыста жайгашкан. Айылда 140 түтүн, тагыраагы, 600дөй адам жашайт. 100 орундуу мектеп жана ФАП бар.

Кышында кар калың жаап, кыш алты айга созулат. Эң алыскы тоолуу аймакта жайгашкан Жазы-Кечүү айылында 1960-жылдардан бери электр жарыгы жок.

99
Белгилер:
электр жарыгы, Базар-Коргон, Кыргызстан
Тема боюнча
Кар жаткан ашууда электриктер үч күн иштеп, бузулган линияны оңдоду. Сүрөт
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

0
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

0
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты