Бизнес-тренер Аксана: өзүмдү өнүктүрүүгө 1 миллион сом жумшагам

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес-тренер Аксана Рыскулова
Бизнес-тренер Аксана Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
39 жаштагы Аксана Рыскулова бизнес боюнча кыргыз тилдүү тренер. Айылдагы жөнөкөй мугалим алгач тигүү цехтерин иштетип, өзүн бизнестин түрдүү тармагынан сынаган. Дүйнөлүк практикада "акча үчүн иште, кийин акча сен үчүн иштесин" деген түшүнүк бар. Рыскулова дал ушундай деңгээлге жеткен. Баса, Аксана ырчы Гүлзада Рыскулованын эжеси.

Журналист Гүлдана Талантбекова акча тууралуу маселе болуп жатканда кунт коюп угуп, жакшынакай кылып жазып алды.

— Социалдык тармактардан бизнес боюнча сабак өтүп жатканыңызды окуп калдык. Бизнес-тренер болуш үчүн өзү бизнеске аралашкан адам болушу керек деп айтылат. Сиз эмне себептен башка бирөөлөрдүн ишкерлигин өнүктүрүүгө салым кошоюн деп чечтиңиз. Азыр билген нерсесин жашырып, бөлүшкүсү келбеген адамдар бар?

Юрист, занимающийся иммиграционным правом в США Манас Муратбеков - Sputnik Кыргызстан
АКШдагы кыргыз адвокаты Манас: мекендештерди менчелик башка адвокат түшүнө албайт
— Беш жыл мурун ийгиликке жетүү боюнча батыштын китептерин окуп таасирлендим. Анын ичинен Роберт Киосакинин "Бай адам, кедей адам" китеби шыктандырды. Эки күндөн кийин баари бир биз алардай боло албайбыз деген жыйынтыкка келгем. Көп өтпөй мен жашаган Жалал-Абад шаарына бизнес тренерлер келип "Мен жана акча" темасында орус тилинде тренинг өтүштү. Мендей кыргыз тилдүү, айылдан чыккан кыз үчүн түшүнүү оор болду. Кызыгуум артып, кыргыз тилдүү тренер бар бекен деп көпкө издеп таба алган жокмун. Ошондо өзүмө кыргыз тилдүү бизнес тренер болом деп максат кылып койгом.

— Андан кийин эмне болду?

— Тренингдерге баргандан кийин өзүмдү миллион акча тапчудай элестетчүмүн. Бир убакта жети түрлүү бизнести ачып алдым. Алар: сулуулук салону, үлпөт көйнөктөрүн тиккен салон, тиричилик техникаларын, бут кийим, тамак-аш саткан дүкөндөр болду. Бардыгына тийиштүү убакыт бөлө албай жүрдүм. Анан бир жарым жыл ишкерлик тууралуу сабак алып, эмнелерден ката кетиргенимди түшүндүм. Дүйнөдөгү ийгиликтүү адамдардын таржымалын окугандан кийин алардын басып өткөн жолу мага дем күч берди. Ийгиликке жетиш үчүн мурдагы жасаган нерселердин бардыгынын карама-каршысын жасай баштадым. Базарга барганда акчам түгөнгүчө соода кылат элем. Айлыктан айлыкка акча артчу эмес. Тренингден кийин акчанын он пайызын бөлүп сактап, эсеп ачып сала баштадым. Той-аш туулган күн дегендерге шашылып барсам, азыр өзүмдү өнүктүрүүгө шашылам. Мурун бардыгын өкмөт даярдап бериши керек, менин ушундай болуп калышыма ата-энем, мугалимдер күнөөлүү десем, азыр бардыгы өзүмдүн колумда. Эгер мен күчтүү болсом, баарын жасай алам. Эгерде ишим ийгиликтүү жүрүшпөй жатса, мага билим гана жетишпей жатканын жакшы билем. 

— Жети түрлүү бизнести ачууда бир топ кыйынчылыктар менен финансылык көйгөй да жаралса керек. Анткени бизнести бутуна тургузуш үчүн алгач олчойгон инвестиция керек да.

— Ал убакта 35 жашта болчумун. Мен ишкерлигимди аз өлчөмдөгү акча менен баштап, улам көбөйтүп жаттым. Каражат жагы биринчи орунда эмес, адамдын каалоосу күч болсо жолдор табылат. Азыр дүңү менен сатууга даяр соодагерлердин товары жыйылып турат. Алардын ишенимине кирип иштесе болот. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес-тренер Аксана Рыскулова: каражат жагы биринчи орунда эмес, адамдын каалоосу күч болсо жолдор табылат. Азыр дүңү менен сатууга даяр соодагерлердин товары жыйылып турат. Алардын ишенимине кирип иштесе болот
Бизнес-тренер Аксана Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Бизнес-тренер Аксана Рыскулова: каражат жагы биринчи орунда эмес, адамдын каалоосу күч болсо жолдор табылат. Азыр дүңү менен сатууга даяр соодагерлердин товары жыйылып турат. Алардын ишенимине кирип иштесе болот

— 35 жашыңызга чейин эмне менен алектенип жүрдүңүз?

— Мектепте жөнөкөй эле мугалим болчумун. Кошумча тигүү цехинде кыздардын себин даярдап, күзгү буудайга даярдап берчүмүн. Анан ишкерликти толугу менен аркалайм дегенде эки баламды көтөрүп Бишкекке келе бергем. Келгениме өкүнбөйм. Жашооңду жакшы жакка өзгөрткүң келсе, тегерегиңдеги адамдарды, жашаган жериңди жана жумушуңду өзгөрт дейт. Мен үчөөнү тең өзгөртө алдым.

— Көп адамдар ишкер болгусу келет, бирок баарына эле жуга бербейт. Иш талантты талап кылат окшойт?

Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Рефери Жамиля Боркоева: курсактагы 5 айлык бала менен ринг үстүндө жүрдүм
— Акча менен бизнестин жеке эрежелери бар. Ошолор аркылуу иш кылса ар бир адамга жугумдуу эле болот. Бир пайыз талант, токсон тогуз пайыз эмгек дегенге толук түрдө кошулам. Мен өзүмдү таланттуу эмес, аракетчилмин деп ойлойм. Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат билим бул акча тууралуу билим экен. Акыркы беш жылда бул боюнча көп сабак алдым. Өзүмдү өнүктүрүүгө бир миллион сомдой сарптадым.

— 1 миллион сом?! Көп эмеспи?

— Роберт Киосаки, Брайан Трейси, Жон Грей атуу бизнес-тренерлердин сабагы кымбат турат. Дагы башка тренерлерден сабак алып, саатына 300 доллардан төлөп берген учурларым болду. Ушул алган билимдеримди эл менен бөлүшөйүн деп максат койгом. Башында бекер кылсамбы деп ойлогом. Бирок бекер нерсенин баркы жок экени анык.

— Бизнес сабактарын кандай багыттар менен өтөсүз?

— Тренинг боюнча жакында Ош шаарына барып келдик. Чыңгыз Исмаилов оратордук чеберчилик, туура максат коюу, мен акча жана аны көбөйтүү, бир тууган сиңдим Гүлзада Рыскулова чыгармачылыкта ийгиликке жетишүү боюнча сабак өттүк. Айыл жергесинде бизнес-семинар боюнча маалымат аз экен. Биринчи кезекте адамдар машина, үй, кийим-кече, тамак-аш сыяктуу муктаждыктарын канааттандырып бүтө элек. Алдыда башка региондорду дагы кыдырабыз деген максатыбыз бар.

— Тренингге кабыл алууда кандайдыр бир жеке талаптарыңыз барбы?

Аналитик компании Facebook из Кыргызстана Зарема Асанбекова - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясында иштеген кыргыз кызы: билим алууга эч качан кеч эмес!
— Окуучуларым ар кайсы тармактан келишет. Алгач алар менен план түзүп, биринчи кезекте менин сабагыма канчалык деңгээлде кызыкдар экенин текшерем. Себеби кийин ушул айымдан окудук эле, жыйынтык болгон жок деген сөздү каалабайм. Көбү мага өзүнүн тарыхын жазып берет. Арасында түрдүү кыйынчылыктарды баштан кечиргендер бар.

Бир жаш кыз келди. Кулагы укпай калыптыр, жолдошу журналист экен, бирок оорудан улам өтүп кетиптир. Убагында Тажикстандан көчүп келишкен экен. Тагдыры мени ушунчалык ойлонтту. Мен канчалык деңгээлде мыкты тренингдерди өтпөйүн, анын кулагы укпаса майнап чыкпаары анык. Кошумча жардамдар дагы керек экен. Бирок бекер окутууга мүмкүнчүлүк түзүп бердим. Башынан кыйынчылык өткөн адамдарга колдоо эле жетишпейт, калганын алып кете алышат.

Убагында сиңдим Гүлзаданы эл тааный электе "убагы келгенде элдин баары сенин ырларыңды угат, көрөсүң го, сенден мыкты ырчы чыгат" деп айтчумун. Азыр Гүлзада "өзүмө өзүм ишенбей турган чакта, сиз мага ишеним арткансыз" деп калат. Ар бирибизге колдоо керек.

— Кыйынчылыкты көргөн адам, ийгиликке бат жетет деп калдыңыз. Жеке өзүңүздүн жашооңузда кандай кыйынчылыктар болгон?

Бишкекте сулуулук салонун кантип ачса болот. Кеп-кеңештер - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сулуулук салонун кантип ачса болот. Кеп-кеңештер
— Үйдүн улуусу болгондуктан ата-энем мени көп эркелетчү эмес. Апам мектепти бүткүчө "кызым" деген сөзүн бир эле жолу уккам. Бул нерсе кийин жашоомдо өзүмө болгон баанын төмөндүгүн көрсөттү. Бир чети уруш жеп жүрүп, жоопкерчиликтүү болгонго да үйрөндүм. Апамдын урушу, андан коркконум жашоомо оң дагы, терс дагы таасирин тийгизди. Турмушка чыккан жеримде жакшы адамдар экен, жолдошум да түшүнүктүү. Бара-бара өзүмө болгон баа жогорулап, менин сөзүм ал үйдө мыйзам болуп калды. Ошондо мен дагы бир адам экендигиме ишендим. Ата-энем дагы кандай гана жумуш баштабайын колдоосун аяган жок.

— Гүлзада эженин "Россияда мигрант болуп жүрдүм" деген интервьюсун окуп калдым эле. Ал жакта чогуу болдуңуздар беле?

— Ооба, чогуу иштеп жүрдүк. Адамдын күчтүү тарабын табуу кыйын экен. Россияда мүмкүн мен байып кетем, ишкерлигим дагы да өркүндөйт деген үмүт менен жүрдүм. Бирок ал жактан Гүлзада экөөбүз тең ордубузду таба алган жокпуз. 6-классымда эле акын жазуучу же журналист болом деген тилегим бар болчу. Кийин ата-энемдин багыт бергени боюнча юридикалык факультетке тапшырдым. Юрист көңүлүмө жакын болбогондуктан тигүүчүлүк жагына өтүп алдым. Тигүү цехтерин иштетип отуруп, ал дагы меники эмес экендигин түшүндүм. Мындайча айтканда 20 жылдык өмүрүм текке кетиптир. Азыр эми өзүмдүн ордумду таптым деп ойлойм. Ал бизнес-тренерлик. Буга жетиш үчүн финансылык абалды жакшыртканга туура келди. Учурда акчага болгон муктаждыгымды 80 пайызга канааттандырдым деп эсептейм. Баягы жети түрлүү бизнестин баарын жапкам. Бир эле ишимди калтырдым. Түптөгөн бизнести башка бирөөгө өткөрүп бергем, ал жактан мага тиешелүү каражат бөлүнүп турат. Мындайча айтканда азыр акча мен үчүн иштеп жатат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес-тренер Аксана Рыскулова: түптөгөн бизнести башка бирөөгө өткөрүп бергем, ал жактан мага тиешелүү каражат бөлүнүп турат. Мындайча айтканда азыр акча мен үчүн иштеп жатат
Бизнес-тренер Аксана Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Бизнес-тренер Аксана Рыскулова: түптөгөн бизнести башка бирөөгө өткөрүп бергем, ал жактан мага тиешелүү каражат бөлүнүп турат. Мындайча айтканда азыр акча мен үчүн иштеп жатат

— Азыр канча айлык алсак деле, кийинки айга чейин жеткирүү кыйын. Акчаны көбөйтүү боюнча сыр бөлүшө кетсеңиз?

— Алган айлыкты эки эсе көбөйткөнгө аракет кылыш керек. Маселен, жетекчинин жетишпей жаткан жумуштары абдан көп, ал дайыма жардамга муктаж. Түз эле кирип, мага кошумча кандай жумуш бере аласыз, сизге кандай жардам кылсам болот деп сүйлөшкөнгө өтүш керек. Биз тескерисинче жетекчини көргөндө качабыз. Жалгыз отурганда ак баракка маселени чечүүнүн 20 жолун жазып алган оң. Бул Брайан Трейсинин ыкмасы.

Дүйнө жүзүндөгү статистика боюнча жумушчулар 100 пайыз жумуш убактысынын 20 пайызын гана толук аткарат деген версия бар. Анткени телефон менен сүйлөшөт, ары-бери басат, түштөнүү кылат, кайра чай ичип жүрө беришет экен. Ошондуктан 100 пайыз болбосо дагы 50 пайыз аткарганга аракет кылыш керек.

— Ийгиликке жеткен адам убакытты дагы туура пайдаланганды билет. Бир күндүк графигиңиз кандай өтөт?

Microsoft жана Google компанияларында күч сынаган Акжол
— Жума күнү кечинде бир жумага, күндө кечинде эртеңки күндүн планын түзөм. Буга болгону 5 мүнөт кетет. Бир күндүк чыгымдарды чогуу эсептейм. Эртең менен 5.30да туруп, кечинде 9.30да уктаганга аракет жасайм. Беш маал окуй турчу намазым бар. Өзүмдү өнүктүрүү үчүн китептерди окуйм. Үч жылдан бери эртең менен чуркаганды адатка айлантып алгам. Бир гана спортто эмес, жашоодо да бийиктикке жетүүгө аракет кылыш керек. Төрт жыл мурун жолдошум, тууган-туушкандарым менен ар кандай пикир келишпестиктер болгон. Убагында күнөө өзүмдө экендигин сезип, баарын жөнгө салгам. Кандайдыр бир маселени чечүүдө башканы күнөөлөштүн кереги жок.

— Биздин окурмандарга кандай каалоо-тилектериңиз бар?

— Бардык нерсе өзүбүздүн гана колубузда. Ийгиликтин эрте-кечи жок. Биз менен окуган 75 жаштагы адам, 10 жылдан кийин таанымал болду. Катылып жаткан талантты өрчүтүшүбүз керек. Чөнтөгүңүздөр кампайып, акчаңыздар түгөнбөсүн, ден-соолугуңуздар чың, бактылуу болуп, сүйгөн жумушуңуздарды аркалаңыздар. Анан албетте, кызыккандар болсо келиңиздер!

Жаңылыктар түрмөгү
0