БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстанда март айынан баштап ВИЧке кабылган наристелер менен өспүрүмдөрдү дарылоо боюнча иш-чаралар өтө баштай турганын ЮНИСЕФ билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөдө 2017-жылдын январь айына карата илдетке кабылган 717 бала катталып, анын 417си антиретровирустук дарылануудан өтүп келет. Жылына ВИЧке кабылган энелерден 70-80 ымыркай төрөлүп, ооруга каршы көрүлгөн аракеттердин натыйжасында балдар аталган дарттан азыраак жабыркайт.
"2007-жылы ВИЧ менен жабыркай турганы аныкталган балдардын 90 пайызы оорусу бар экенин билбейт, мындан улам тийиштүү даррылануудан өтпөй келет", — деп айтылат маалыматта.
Балдарды дарылоо аракеттери марттан жыл соңуна чейин жүргүзүлмөкчү. Иш-чара БУУнун программасы тарабынан каржыланып, Россия өкмөтүнүн колдоосу менен өтөт.