Бишкек мэриясы канаттуулар үчүн 200гө чукул уя орнотот

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАкция "Птичий дом" в Казани
Акция Птичий дом в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Зеленстрой" ишканасынын маалыматына ылайык, учурда 100гө жакын уя даяр турат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы парктарга жакында 200дөй чымчыктардын уясы орнотулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

"Зеленстрой" ишканасынын маалыматына ылайык, учурда орнотууга 100гө жакын уя даяр болуп калган.

"Уя салуунун максаты — бак-дарактардагы зыянкечтерди тазалоо үчүн канаттууларды тартуу. Канаттууларды тартуу менен шаардагы экологиялык кырдаалды жакшыртууга салым кошкон болобуз", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек мэриясы демилгеге кошулам деген каалоочуларды уя орнотууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0