Абакка шампундун бөтөлкөсүнө телефонду батырып киргендер айраң-таң кылды

© Фото / пресс-служба ГСИН КРДосмотр передачи, предназначенной для осужденного колонии №47
Досмотр передачи, предназначенной для осужденного колонии №47 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колониянын кызматкерлери смартфонду бөтөлкө ичине кантип батырышканына түшүнө албай жатышат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын кызматкерлери диний экстремизм боюнча соттолгон абактагы кишиге  сырттан берилген буюм-тайымдарды карап жатып, шампундун бөтөлкөсүнө салынган уюлдук телефонду таап чыгышкан. Бул туурасында Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы (ЖАМК) билдирди.

Бөтөлкөнүн ичинде телефон менен бирге анын заряддагычы да болгон.

"Түрмө ичине алып кирүүгө тыюу салынган буюмдарды шампундун бөтөлкөсүнө кантип батырышканын элестетүү кыйын. Бирок мекеменин кызматкерлери кыраакылык кылып, мыйзамсыз ишке бөгөт коюшкан", — деп билдиришти аталган мекемеден.

Конкурс красоты и талантов в женской колонии №2 под Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Абактагы сулуулардын жарышы. Кагаз көйнөк кыз-келиндердин көркүн ачканда
Ал эми №8 абакты тинтүү учурунда бычак, героин табылган. Ведомстводон маалымдашкандай, камактагылардын туугандары менен досторунун фантазиясында чек жок.

Акыркы күндөрү каймак куюлган айнек бөтөлкөнүн ичинен акча, ал эми дары-дармек салынган таңгактан уюлдук аппарат, нандын ортосунан SIM-карта табылган.

Дагы эки "симка" махорка салынган баштыктан алынган. Мындан тышкары, абактагыларды кубантуу үчүн суу же лимонаддын бөтөлкөсүнө ичимдик куюп келгендер болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0