"Манас" аба майданындагы аэродромуна видео көзөмөл коюу буйругу берилди

© Sputnik / Табылды КадырбековСамолет на взлетной полосе аэропорта "Манас"
Самолет на взлетной полосе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэродромдун учуп-конуу тилкесинде видео каттагычтар жок экенин Транспорт прокуратурасы аныктаган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Прокуратура органдары "Манас" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесине видео каттагычтарды орнотууга милдеттендирди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Транспорттук прокуратура Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигин текшерип чыккан. Натыйжада учуп-конуу тилкесинде видео каттагычтар жок экени маалым болгон.

"Видео көзөмөлдүн мааниси зор. Ал аркылуу кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктаса болот. Көпчүлүк учурда авариялык абалдар тилкеге конгондо же андан учканда катталат", — деп Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин "Манас" аба бекетинин учуп-конуу тилкесине видео каттагычтар орнотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0