Мыйзамсыз курулуштарды жаап-жашырган мэриянын кызматкерлери иштен алынат

© пресс-служба мэрии города БишкекПразднование 25-летия государственного флага в мэрии Бишкека
Празднование 25-летия государственного флага в мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир катар кызматкерлердин "коргоосу" менен айрым курулуштар мыйзамсыз түрдө суу, электр энергиясы, жылуулук жана башка кызматтарды акысыз пайдаланып келген.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясынын бир нече кызматкери мыйзамсыз объектилерди жаап-жашырганы үчүн жумуштан алына турганын шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кызматкерлердин мындай аракеттери ыкчам штабдын жыйынында ачыкка чыкты. Штаб айрым кызматкерлердин күнөөсү менен айрым курулуштар сууга, электр энергиясына, канализацияга, жылуулук тармагына жана башка кызматтарга мыйзамсыз туташып алганын белгиледи.

"Штаб кызматтык териштирүү жүргүзүп, аталган адистерди иштен алууну тапшырды. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы кийинки чогулушта айтылат", — деп белгиленет маалыматта.

Ыкчам штаб быйыл январь айында негизделген. Анын курамына мэрия бөлүмдөрү, сот департаменти жана Бишкек прокуратурасынын кызматкерлери кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0