Ботаникалык бакчада кактус баштаган өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү өтөт

Жазылуу
Көргөзмөгө келгендер адистерден үйүндөгү бул типтеги өсүмдүктөрдү кантип кароо, багуу туурасында кеңештерди ала алышат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакчада "чөл падышасы" деп аталган сууну өзүнөн көп сактаган өсүмдүктөрдүн көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында аталган бакчанын администрациясынан кабарлашты.

"Көргөзмөдө суккулент түрүнө кирген кактустар, литопсылар, агава, молодило коюлган. Алар Ботаникалык бактын өзүнүн жана жеке колдон алынган өсүмдүктөр", — деп билдиришти администрациядан.

Көчөттөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаага 10 миң бак отургузулат
Бул өсүмдүктөр күнгө какталган аптапка, чыйрыктырган суукка байымдуу келет. Курамында сууну сактап турууга жөндөмдүү.

Алар көргөзмөгө келгендер адистерден үйүндөгү бул типтеги өсүмдүктөрдү кантип кароо, багуу туурасында кеңеш алууга мүмкүнчүлүк болорун билдиришти.

Көргөзмө 18-19-март күндөрү 11:00дөн 16:00гө чейин каалоочуларды күтөт. Кирүү баасы 20 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0