Каракол лыжачылар үчүн арзан шаардын катарына кирди

© Фото / Сергей ЕршовГорнолыжная база "Каракол"
Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караколдо эс алуу үчүн туристтер суткасына орточо 95 доллар сарптайт. Анын ичине тамак-аш, жатакана жана тоо лыжа базасынын кызматтарын пайдалануу кирет.

БИШКЕК, 15-мар.— Sputnik. Каракол жазында лыжа тээп балдар менен чогуу эс алууга боло турган анча кымбат эмес алдыңкы он шаардын ичине кирди. Бул тууралуу RoomGuru.ru мейманканаларды издөө сервисинде жарыяланды.

Горнолыжная база Каракол - Sputnik Кыргызстан
Каракол россиялыктар үчүн мыкты тоо лыжа курортторунун катарына кирди
Ага ылайык, туристтер Караколдо эс алуу үчүн суткасына орточо 95 доллар сарптайт. Анын ичине тамак-аш, жатакана жана тоо лыжа базасынын кызматтарын колдонуу кирет.

Каракол менен бирге бул тезмеге Шерегеш (Кемерово облусу), Ливиньо (Италия), Чимбулак (Казакстан), Хибины (Мурманск облусу), Шахдаг (Азербайжан), Бобровый лог (Красноярск), Белокуриха (Алтай крайы), Солнечная долина (Челябинск облусу) жана Цахкадзор (Армения) шаарлары кирген.

Рейтинг 25-марттан 31-мартка чейин мейманканалардын брондолуусун эске алып түзүлгөн.

Тоо-лыжа базаларында эс алуунун баалары, алардын жайгашкан бийиктиги, трассалардын узундугу жана татаалдыгы жөнүндө Sputnik инфографикасынан биле аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0