ӨКМ: авиакырсыктан жабыркагандар үчүн атайын эсеп жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ
Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын эсепке үч ай ичинде жалпы жонунан 96 миллион 532 миң 26 сом 61 тыйын чогулган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган ӨКМдин атайын эсеби бүгүн жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Эске салсак, 16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон

Билдирүүгө ылайык, 14-март күнү кечки саат 17:00гө чейин атайын эсепке 96 миллион 532 миң 26 сом 61 тыйын чогулган.

"Акча каражаты атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссияга өткөрүп берилет. Акча бөлүштүрүү ачык-айкын болушу үчүн комиссиянын түзүмүнө жабыркагандар дагы кирет", — деп жазылат маалыматта.

39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгынан жапа чеккендер үчүн каражат чогултуу кырсыктын эртеси, 17-январда башталган.

Дача айылындагы авиакырсыктан кийин кандай иштер жасалганын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0