Нарколог Иманалиева: аялдарды аракечтиктен арылтуу азап, кээде мүмкүн эмес

© SputnikНарколог дарыгер Каныкей Иманалиева маек учурунда
Нарколог дарыгер Каныкей Иманалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аракечтик бүгүнкү күндүн орчундуу көйгөйлөрүнүн бири. Нарколог дарыгер Каныкей Иманалиева менен журналист Гүлдана Талантбекова бөтөлкөнүн түбүнө түшүп кетүүнүн кесепети тууралуу кеп кылды.

Наркологдун айтымында, адам той-топурда бир ууртам алып коеюн деген оомалыктан арылбаса, аягы жаман болот.

— Алгач айтсаңыз, аракечтик деген эмне? Оорубу же адатпы?

— Адам күнүмдүк жашоодо той-аш, жакшылыктарда аздан ууртап-татып отуруп, бара-бара организмдеги химиялык заттар өзгөрөт. Акырындык менен ичимдикке болгон көз карандылык пайда болот. Айрымдар беш жылдан кийин, кээде бир жылда эле берилип кетет. Аракечтик  — оору. Аракеч өзү эле оорубайт, дарты үй-бүлөсүнө, туугандарына терс таасирин тийгизет. Ал ичип келген күнү бардыгынын маанайы бузулат, акырындап кадыр-баркы түшөт. Мындайча айтканда, аракечтик коомдун да көйгөйү.

— Аялдарды аракечтиктен дарылоо, калыбына келтирүү абдан оор деп айтышат экен?

Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Батыралиев: медицина тармагынын тамтыгы чыккан, аны дароо жакшырта албайбыз
— Ооба. Анткени аялдын организми эркектикине караганда башкачараак. Организмдеги алкаголго туруштук берүүчү алкоголдук гидрогенеза ферменти деген бар. Аны адамдын боору иштеп чыгат.  Ошол фермент аялдарда аз өлчөмдө болгондуктан, бат эле берилип кетишет. Дарылоо оор болот, дайыма эле жакшы жыйынтыгын бере бербейт. Көбү алкоголдук депрессия, тынчыздануу, алкаголдук суицидге кабылып, психикалык жактан да ооруп калышат.

— Сизге кайрылган бейтаптар кимдер, канча жаштагылар?

— 30 жаштан баштап 70-80 жашка чейин кайрылгандар бар. Бирок азыр аракечтикке кабылгандардын арасында 25 жаштагы уландарды, 20-21 жаштагы кыз-келиндерди да көрүүгө болот. Бул, албетте өкүндүрөт.

Өспүрүмдөр арасында аракка көз карандылык аз. Алар көбүнчө таксикомания диагнозу менен келишет. Маселен, клей, бензин, химиялык заттарды жыттап алышат. Арасынан нашаа колдонуп, адатка айланткандарды да көрүүгө болот.

© SputnikНарколог дарыгер Каныкей Иманалиева: азыр аракечтикке кабылгандардын арасында 25 жаштагы уландарды, 20-21 жаштагы кыз-келиндерди да көрүүгө болот. Бул, албетте өкүндүрөт
Врач нарколог Каныкей Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Нарколог дарыгер Каныкей Иманалиева: азыр аракечтикке кабылгандардын арасында 25 жаштагы уландарды, 20-21 жаштагы кыз-келиндерди да көрүүгө болот. Бул, албетте өкүндүрөт

— Аракка берилгендер менен сүйлөшкөндө анын себебин кантип түшүндүрүшөт?

— Себептери ар түрдүү. Көбү жашоодон ордун таба албай калгандар, стресс, депрессияга кабылып, күйүтүн арактан чыгаргандар, айрымдар ичимдикти жөн гана жашоо образына айлантып алышат.

— Мас болгондор күлүп, каткырып же ыйлап калышат. Мындан улам арак деле ар кимдин мүнөзүнө жараша таасир этет десек туура болобу?

Врач-диетолог Бактыгул Иманкулова - Sputnik Кыргызстан
Диетолог Иманкулова: арыктоонун бир гана формуласы бар...
— Аны эйфориялык убакыт деп коет. Жакшынакай туруп эле күлүп, кайра ачууланып, анан уктап калгандар болот. Бирок эң коркунучтуусу — уктап калган түрү. Көп адамдар кышкысын эшикте уктаган бойдон тоңуп, өлүп калганын угуп эле жүрөбүз. Бирок эйфориялык убакыт ашып кетсе, 15 минута созулат. Андан кийин башка кадамдарга барышы мүмкүн. Мисалы асынып алуу, өзүнө кол салуу жана башка.

— Айрым адамдар ичип жүрүп, айрым бир себептерден улам бир убакытта токтотуп коюшат экен. Бул организм үчүн зыян эмеспи?

— Бул жаңылыш ой. Көбү ичип жүрүп токтотуп койсом эмне болот деп кооптонушат. Биз адамды пахмелдик синдромдон медициналык негизде арылта алабыз. Дары-дармек берип, дары тамчылатып дегендей. Ал эми өзүм билемдикке салып ичимдикти токтотуу, албетте зыян.

— Маселен, европалыктар ичимдикти күнүмдүк жашоосунда аз-аздан ичип, тамак катары колдонушат экен. Бирок аларда биздикиндей терс таасирлер, кадамдар байкалбайт дешет. Ошондо арак деле жакчу кишиге жагат десек туура болобу?

— Европа менен салыштырганда бизге ичимдикке туруштук берүүчү алкаголдук гидрогенеза ферменти аз өлчөмдө. Ошондуктан тез берилебиз. Мисалы, Францияда жүзүм өстүргөндөр арбын, винону тамак менен ууртап-татып ичишет. Алар үчүн бул көнүмүш адат. Биздин ата-бабаларыбызда мындай нерсе жок болгон, ичимдик ичип көнгөн эмеспиз. Азия өлкөлөрүндө, керек болсо Россияда илгери вино өндүрүүчүлөр болгон эмес. Тегибизде болбогон нерсени кабыл алуу, албетте, оор.

© SputnikНарколог дарыгер Каныкей Иманалиева: аракечтиктен арылуу бейтаптын организмине жараша болот. Биринчи жалпы абалын жакшыртып, организмин тазалайбыз. Бейтаптар орточо эсеп менен 7-10 күн ичинде чыгып кетишет. Ичимдикке көз карандылыгы жогору болгондор биз менен бир нече ай иштешет
Врач нарколог Каныкей Иманалиева - Sputnik Кыргызстан
Нарколог дарыгер Каныкей Иманалиева: аракечтиктен арылуу бейтаптын организмине жараша болот. Биринчи жалпы абалын жакшыртып, организмин тазалайбыз. Бейтаптар орточо эсеп менен 7-10 күн ичинде чыгып кетишет. Ичимдикке көз карандылыгы жогору болгондор биз менен бир нече ай иштешет

— Аракечтиктен кантип арылууга болот, дарылоо жолдорун айта кетсеңиз?

— Биринчи детокс терапия деген ыкма аркылуу канын тазалайбыз. Бейтаптарымдын 95 пайызы ушул этап менен дарыланып чыгып кетишет. Экинчи этап психотерапия — жеке же тобу менен жүргүзүлө турчу ыкма. Үчүнчү этап — блокаторлук ыкма. Мында адамды ичимдикке көз каранды кылган каналдарын жаап салышат.

Распитие пива на улицах - Sputnik Кыргызстан
Коомдук жайларда ичимдик ичкендерге жаза 10 эсеге күчөтүлөт
Аракечтиктен арылуу бейтаптын организмине жараша болот. Биринчи жалпы абалын жакшыртып, организмин тазалайбыз. Бейтаптар орточо эсеп менен 7-10 күн ичинде чыгып кетишет. Ичимдикке көз карандылыгы жогору болгондор биз менен бир нече ай иштешет.

Биринчи кезекте ичимдики таштайм деген кишинин эрки күчтүү болушу керек. Маселен, аракеч ичкиси келгенде дүкөнчүдөн карызга алабы, үй-бүлөсүнө жаман көрүнөбү, тыйындарын чогултабы, айтор максатына жетет. Биз ошол эле күчтү ичимдиктен арылтууга жумша деп көндүрөбүз. Анткени, адам колунан келбей турган нерсе жок.

— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Арак менен достошкондун арты жакшылыкка алып барбайт. Той-топурда көңүл үчүн алып койгон ичимдиктер алды кийин сизди өзүнө тартып, көз каранды кылып алат. Андыктан араксыз, сергек жашоого өтүңүздөр. Аракечтик өмүрдү кыскартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0