Ноорузду кантип майрамдоо керек? Мэрия иш-чаралардын программасын сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековНооруз майрамын майрамдоо. Архив
Нооруз майрамын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамдык иш-чарага шаардын бардык райондору катышат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы Нооруз майрамына карата борбор калаада өткөрүлө турган иш-чаралардын программасын сунуштайт.

Вторые всемирные игры кочевников. День пятый. Скачки - Sputnik Кыргызстан
Ноорузга карата Бишкек менен Ошто ат оюндары өтөт
21-март, саат 10.00: Курманжан датканын эстелиги алдында Кыргызстан элинин ассамблеясы шаардык мэрия менен биргеликте уюштурган Кыргызстанда жашаган улуттардын кол өнөрчүлүк жана улуттук ашканаларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Ушул эле күнү 11.00дөн 14.00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында театралдаштырылган концерт тартууланат.

Ал эми эски аянтта 13.30дан 17.00гө чейин концерттик программа жана спорттук иш-чаралар уюштурулары пландалган. Мындан сырткары шаардыктар үчүн элдик майрам болот.

Биринчи май району

Саат 12.00: Щербаков көчөсүндө, "Көлмө", "Ак-Босого", "Калыс-Ордо", "Мурас-Ордо", "Жеңиш", "Алтын-Бешик", "Касым" жана "Тынчтык" конуштарында улуттук тамактарды даярдоо жана маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

Свердлов району

Саат 10.00: Чыгыш автобекети аймагындагы Кара-Жыгач токоюнда улуттук спорт оюндары уюштурулат.

Саат 10.30да "Эне-Сай" спорт клубунда майрамдык түшкү тамак уюштурулуп, тургундарга сүмөлөк берилет.

Праздник весны Навруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Нооруз жана калама ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди
Жеңиш аянтында 11.00дө калаа тургундары жана конокторуна арналып музыка жана спорт мектептеринин концерттик программасы пландалган. Ушул эле убакта №6 көчө менен "Дордой-2" жаңы конушунда майрамдык түшкү тамак уюштурулуп, улуттук жана спорттук оюндар менен коштолот.

Саат 11.30да "Ак-Бата" конушунда жана учкун конушунун №89 орто мектебинин аянтында элдик майрам жана спорттук мелдештер башталат. Барып майрамдык даамдардан ооз тийип кетсеңиз болот.

Саат 13.00дө №66 орто мектебинин алдына боз үй тигилип, конокторго арналып улуттук тамактар коюлат.

Ал эми №16 жана 46 мектепте саат 14.00дө майрамдык иш-чара башталат.

Ленин району

Саат 10.00дөн 14.00гө чейин Юлиус Фучик атындагы сейил бакта концерттик программа жана улуттук оюндар боюнча мелдештер уюштурулат.

Жаштар аллеясында саат 12.00дө көргөзмө, кол өнөрчүлүк, оюн-зоок, спорттук оюндар боюнча сынак өтүп, концерттик программа менен коштолот. Ушул эле убакта "Ала-Тоо", "Арча-Бешик" конуштарында, "Манас" кинотеатрынын алдында жана Манас айылында улуттук оюндар боюнча мелдеш өтөт.

Саат 14.00дө Люкс багында концерттик программа уюштурулат. Кеченин коноктору спорттук мелдештерге катыша алат.

Октябрь району

Райондук акимиат 17-20-март күндөрү кичи райондун жашоочулары арасында спорттук мелдеш өткөрөт.

Нооруз майрамын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноорузга карата кыргызстандыктар төрт күн эс алмай болду
18-март саат 12.00дө "Көк-Жар" кичи районунун стадионунда театрлаштырылган оюн-зоок өтүп, студенттер спорттук оюндарды туртуулашат.

19-20-март күндөрү 7-кичи районунда цирк оюндары көрсөтүлөт.

21-март саат 9.00дө Жеңиш паркында улуттук тамак-аштардын жарманкеси жана театрлаштырылган оюн-зоок тартууланат. 9.30да Ботаникалык бакта спортчулар жана шаар тургундарынын катышуусу менен жарыш өтөт.

Саат 10.00дө жаңгак жана кайың токоюнда элдик майрам жана футбол боюнча мелдеш, ачык асман алдындагы оюндар болот.

Саат 13.00дөн 17.00гө чейин Асанов атындагы сейил бакта концерт уюштурулат.

Кыргызстанда Нооруз жыл сайын 21-мартта белгиленет. Бул күнү түн менен күн теңелет.

Нооруздун тарыхына, майрамдоо салтына, Совет доорундагы тыюуларга байланышкан макалаларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот

Жаңылыктар түрмөгү
0