Ысык-Көлдөн табылган мамонттун сөөгү. Архивдик сүрөт

Палеонтолог: Көлдө табылган мамонттун сөөгү акчанын жоктугунан изилденбей турат

234
(жаңыланган 17:16 15.03.2017)
Былтыр март айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнан мамонттун баш сөөгү табылган. Кыргызстандык илимпоздор аны казып, Бишкекке изилдөө үчүн алып келишкен.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдөн табылган мамонттун сөөгү каражаттын жоктугунан улам изилдене электигин палеонтолог Айзек Бакиров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, 2016-жылы март айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюнан мамонттун баш сөөгү табылган. Кыргызстандык илимпоздор аны казып, Бишкекке изилдөө үчүн алып келишкен.

Бакиров мамонттун баш сөөгү гипстелген боюнча эле Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунда сакталып турганын кошумчалады.

"Каражаттын тартыштыгынан улам мамонттун баш сөөгүн изилдөө иштери токтоп турат. Мындан сырткары, аны изилдөө үчүн кошумча шаймандарды жана каражаттарды алыш керек. Тилекке каршы, алар бизде чыкпайт. Андыктан аларды чет мамлекеттен алыш керек. Ошентсе да акча жок деп эле кол куушуруп отурган жокпуз. Түрдүү долбоорлорду жазып акча издештирип жатабыз", — деди ал.

Бакиров ошондой эле былтыр күзүндө Жыргалаң өрөөнү окумуштуулар тарабынан иликтенип, дагы майда-чүйдө сөөктөр табылганын белгиледи. Бирок кеңири изилдөөлөр баягы эле каражаттын тартыштыгынан улам толук жүргөн эмес.

"Акча болбогондуктан көп жүрө алган жокпуз. Изилдениши керек болгон перспективдүү аймактарды атайын картага түшүрдүк. Кеңири иштерди жүргүзгөнгө каражат керек", — деди ал.

Палеонтолог гипстелген сөөк абдан морт болгондуктан аны чет мамлекетке алып чыгып текшерүүгө да мүмкүн эместигин белгиледи. Анткени сөөк жолдо упураланып калышы толук мүмкүн.

"Сөөктөрдү чет мамлекеттерге алып барганга азыркы абалы жол бербейт, ал жеткиче эле упураланып түшүп калат. Себеби абдан жумшак. Эгер катуу болгондо жиберсек болмок. Ошол эле учурда башка чет элдик илимпоздордун бизге келип чогуу изилдөө иштерин жүргүзүү сунуштарын колдойбуз. Андайларга чектөө жок", — деди ал.

Кыргызстандын илимпоздору эгер мамонттун сөөгү тийиштүү деңгээлде иликтенсе илимге жаңылык киргизерин билдиришкен болчу.

Жок болуп кеткен кайсы жаныбарлардын сөөктөрү Кыргызстанда табылган бул жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

234
Белгилер:
Айзек Бакиров, илим, изилдөөлөр, изилдөөчү, мамонт, палеонтолог
Тема:
Көлдө мамонтко окшош жандыктын баш сөөгү табылды (21)
Тема боюнча
Ташбаева: "көлдүк мамонт" илимге жаңылык киргизет деп ишенебиз
Окумуштуулар мамонттордун тукум курут болушунун себебин аныктады
Айзек Бакиров: Көлдөн мамонттун башка сөөк калдыктары да табылды
Экс-депутат Адахан Мадумаров. Архивдик сүрөт

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан кимдер өттү? 6 талапкердин аты-жөнү

649
(жаңыланган 00:06 29.11.2021)
"Бүтүн Кыргызстан" партиясы АСУнун болжолдуу жыйынтыктарына ылайык, республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган АСУ эсебинин натыйжасы боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер депутат болуп барары белгилүү болду.

Ага ылайык, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан алты талапкер эл өкүлү болуп келген.

  1. Адахан Мадумаров;
  2. Исхак Масалиев;
  3. Эмиль Токтошев;
  4. Алишер Эрбаев;
  5. Орозайым Нарматова;
  6. Гуля Кожокулова.

Аталган партия алдын ала эсеп боюнча республика боюнча шайлоочулардын 6,5 пайыз добушуна ээ болду.

АСУ болжолдуу жыйынтыктарды жарыялагандан кийин БШК добуштарды кол менен санайт. 18-декабрга чейин БШК парламенттик шайлоонун партиялык тизме боюнча да, бир мандаттуу округ боюнча да акыркы жыйынтыгын айтышы керек.

649
Белгилер:
Жогорку Кеңешке шайлоо, шайлоо, 'Бүтүн Кыргызстан' партиясы, депутаттар
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
"Ишеним" партиясынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? 12 талапкердин аты-жөнү
"Ыйман нуру" партиясынан депутат болчулар. Беш талапкердин аты-жөнү
"Ынтымак" партиясынан кимдер өттү? 7 талапкер
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова. Архивдик сүрөт

Шайлдабекова БШКнын сайты эмнеге иштебей калганына жооп берди