Жалал-Абаддын дарыгерлери тоого ылайыкташкан мобилдүү клиникага ээ болушту

© Фото / пресс-служба МЗ КРТоржественная церемония передачи мобильной лечебно-диагностической клиники в дар от Правительства РФ в Джалал-Абаде
Торжественная церемония передачи мобильной лечебно-диагностической клиники в дар от Правительства РФ в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мындай клиникалар Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарына жеткирилген. Бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын ооруканасына Россия өкмөтүнөн мобилдик клиника тапшырылганын Саламакттык сактоо министрлиги билдирди.

© Фото / пресс-служба МЗ КРЖалал-Абад шаарынын ооруканасына Россия өкмөтүнөн мобилдик клиника тапшырылды
Жалал-Абад шаарынын ооруканасына Россия өкмөтүнөн мобилдик клиника тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жалал-Абад шаарынын ооруканасына Россия өкмөтүнөн мобилдик клиника тапшырылды
© Фото / пресс-служба МЗ КР"КамАЗ" унаасынын платформасында жабдылган комплекс тоолуу шартка ылайыкташып, ысык-суукка жарамдуу келет.
КамАЗ унаасынын платформасында жабдылган комплекс тоолуу шартка ылайыкташып, ысык-суукка жарамдуу келет. - Sputnik Кыргызстан
2/2
"КамАЗ" унаасынын платформасында жабдылган комплекс тоолуу шартка ылайыкташып, ысык-суукка жарамдуу келет.
1/2
Жалал-Абад шаарынын ооруканасына Россия өкмөтүнөн мобилдик клиника тапшырылды
2/2
"КамАЗ" унаасынын платформасында жабдылган комплекс тоолуу шартка ылайыкташып, ысык-суукка жарамдуу келет.

"КамАЗ" унаасынын платформасында жабдылган комплекс тоолуу шартка ылайыкташып, ысык-суукка жарамдуу келет. Электр энергиясы менен иштеп, талаа жеринде да калыбынан жазбай өз функциясын аткара алат.

"Мобилдүү клиника үч кабинеттен турат, анда ар кандай анализдерди чыгаруучу лаборатория, гинекологиялык бөлмө жана УЗИ, кардиограф аппаратары, офтальмолог жана отоларингологдор үчүн тиийштүү жабдуу менен жабдылган терапевттин кабинети бар", — деп айтылат маалыматта.

Клиника Россия өкмөтү тарабынан каржыланган программанын алкагында берилүүдө. Буга чейин мындай клиника Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарына жеткирилген. Бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0