Швейцариялык саякатчы Кыргызстан тууралуу кооз ролик тартты

Жазылуу
Швейцариялык турист Питер Хункер YouTube каналына былтыркы жылдын жай айында тартылган Кыргызстандын кооз жаратылышы тартылган роликти жарыялаган.

Автор өзү тарткан видеого комментарий жазып жатып, өлкөнүн кооздугуна абдан суктанганын жашырган эмес.

"Кыргызстан табияты кайталангыс сулуулукка ээ. Республиканын ар бир бурчу өзүнчө кооз. Ал тургай эч нерсеси жок талаадан, тоолордон да өзгөчө көп түрдүүлүктү байкоого болот. Ош Байыркы Чыгышты элестетип, колориттик жашоону чагылдырат", — деп жазылат видеого карата жазылган сүрөттөмөдө.

Үч минуталык ролик ушул жылдын жай айында Ысык-Көл, Соң-Көл, жана Орто-Токой суу сактагычынын жанынан тартылган. Кадрда бийик аска-зоолуу чокуларды жана улуттук ажайып жайларды көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0