ЖК Көлдөгү чокулардын бирине Апрель баатырларынын атын берүүнү колдоду

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг-реквием в память о погибших в апрельских событиях
Митинг-реквием в память о погибших в апрельских событиях - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечимди парламенттин депутаттары колдоп, мыйзам долбоорун үч жолку окууда кабыл алышкан.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Жогорку кеңештин депутаттары Ысык-Көлдөгү аты жок чокулардын бирине "Апрель революциясынын баатырлары" деген географиялык аталыш ыйгаруу демилгесин кодлоп беришти. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жеңиш чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң бийик жети чоку
Буга чейин Кыргызстандагы бийик чокулардын бирине Апрель баатырларынын атын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлгандыгы тууралуу маалымдалган. 

Белгилүү болгондой мындай чечимди парламенттин депутаттары колдоп, мыйзам долбоорун үч жолку окууда кабыл алышкан.

Аталган чоку Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагындагы Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашып, бийиктиги 4142,2 метрди түзөт.

Эске салсак, 2017-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда апрель революциясынын жети жылдыгы белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0