Эколог Кутманова: "Давыдов", "Лысый" мөңгүлөрү көз алдыбызда эле эрип жок болду

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүЛедники
Ледники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Оо, биз ала-тоолуу, ак мөңгүлүү, сууга мол өлкөбүз" деп төш кага калганыбыз менен адистер жыл сайын мөңгүлөр эрип жатат деп коңгуроо кагууда.

Дүйнө жүзүндөгү глобалдык көйгөйлөрдүн бири бул — экология. Жер планетасында суунун тартыштыгы, мөңгүнүн азайышы өзүнчө тема. Журналист Гүлдана Талантбекова эколог, мөңгүлөр боюнча адис Динара Кутманова менен маек курду. 

© SputnikЭколог, мөңгүлөр боюнча адис Динара Кутманова: Орто Азиядагы беш өлкөнүн арасынан Кыргызстан менен Тажикстан суунун ээси, аны менен коңшуларды кошо багып жатабыз
Эколог с 30-летним стажем, президент общественного фонда Эко-мониторинг Динара Кутманова - Sputnik Кыргызстан
Эколог, мөңгүлөр боюнча адис Динара Кутманова: Орто Азиядагы беш өлкөнүн арасынан Кыргызстан менен Тажикстан суунун ээси, аны менен коңшуларды кошо багып жатабыз

— Мөңгүлөрдүн азайышы тууралуу маселени козгоордон мурун алардын адамзат жашоосуна, табиятка тийгизген пайдасы тууралуу учкай кеп кыла кетсек.

Палеонтолог Айзек Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Палеонтолог Бакиров: мамонттун сөөгүн изилдөө үчүн каражат издеп жатабыз
— Мөңгү деген кадимки эле суу. Биз жашап жаткан кылымда суу маселеси абдан курч коюлган. 1950-жылы дүйнөлүк эксперттер суу убакыттын өтүшү менен көйгөйгө айланат деп божомолдошкон. Суу дүйнөдөгү баалуу ресурс болуп саналат. Орто Азиядагы беш өлкөнүн арасынан Кыргызстан менен Тажикстан суунун ээси, аны менен коңшуларды кошо багып жатабыз. Бирок сууну баалап, барктап пайдалануу боюнча саясат туура жүрбөй жатат. 2005-жылы кабыл алынган Суу кодексинин 7-беренесинде суунун баасы киригизилиши керек деп жазылып турат. Биз азыр сууга төлөп жатканда транспорт үчүн эле төлөйбүз. Мындайча айтканда үйдүн ичинен чыгаруу, канализация аркылуу келиши үчүн гана акы беребиз. Болбосо суу товар катары баалана элек.

2013-жылы "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мөңгүлөр жабыркап жаткандыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Мен өзүм мамлекеттик коммисиянын эксперттик тобунун жетекчиси болуп баргам. Эң өкүнүчтүүсү — өкмөт бул ишти аягына чейин чыгара элек.

— Кыргызстанда СССР убагында мөңгүлөрдүн саны 8 миңден ашык болсо, акыркы жылдары 6,5 миңге чейин төмөндөп кетти деген версия бар. Экологияга "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүнөн сырткары климаттын өзгөрүшү, күндүн жылышы канчалык бир деңгээлде таасирин тийгизеби?

— Климаттын өзгөрүшү — жер планетасынын жалпы көйгөйү. Мөңгүлөрдүн азайышы боюнча ар кандай теориялар айтылып жүрөт. Айрымдар биологиялык, географиялык процесс жүрүп жатат десе, башкалар адам ишмердүүлүгү менен байланыштырышат. 1998-жылы дүйнөлүк метерологиялык уюмга киргенбиз. Азыр Чолпон-Атада температурага көзөмөл жүргүзүүчү станция бар. Ошол изилдөө боюнча 1970-1995 жылдардан баштап температуралык график менен "Кумтөрдүн" иши башталган 1995-2015 жылдардын аралыгын алып караганда мөңгүлөрдүн бир топ эле жабыр тарткандыгын көрүүгө болот. Алар иш менен кошо абаны булгай турчу заттарды чыгарышат, ар кандай техникалар колдонулат, күйүүчү май менен иштешет, ар кандай жардыруулар болот.

Жеңиш чокусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы эң бийик жети чоку
1995-жылдан бери "Давыдов", "Лысый" мөңгүсү жок болду. Эми үчүнчүсү жабыр тарта баштады, негизи ал жакта беш мөңгү жайгашкан. Айрым эксперттер "Давыдов" менен "Лысый" мөңгүлөрү климаттын өзгөрүшү менен баары бир эрип кетмек, мындайча айтканда, Кумтөргө шылтоологондун кереги жок деп айтышкан. Ооба, алар да иштесин, бирок биз дагы өзүбүздүкүн коргоого өтүшүбүз керек. Келтирилген чыгамдар компенсанцияланышы керек деп ойлойм. Бизде суу товар катары бааланбагандыктан, компенцация гана өндүрө алат экенбиз. Ишкананын таасири дагы 20-30 жыл аралыгында билинет. Түздөн-түз зыяндуу таасирин аныктап берүүчү ыкма жок. Бул көйгөйдү өзүбүз жараттык деп ойлойм. Долбоор менен иштешип жатканда бизге пайдасы көбүрөөкпү же зыяныбы деп ойлонушубуз керек эле.

— Сууну барктабай жатканыбыздын да бир себеби биз көп учурда Кыргызстан тоолуу өлкө, суусу кенен деген психология калыптанып калган. Сууга зар мамлекеттегидей муктаждык жаралса башкача мамиле кылып калмакпыз деп ойлойм. Анын үстүндө токой аянттарынын азайышы дагы мөңгүнүн эришине таасир берип жатат деп айтышат.

— Бизде кайсыл жакка барсаң эле суу чыга берет да. Өзгөчө Нарын менен Ысык-Көлдө суу кенен. Бирок Баткенде эл таза сууга жетпей кыйналып жатат. Ал жакта жашоо оор. Өлкө боюнча сууну пропагандалоо иши жүргүзүлсө жакшы болмок. Колдо бар алтындын баркы жок дейт. Биз чындыгында бактылуу элбиз. Швейцария менен биздин жаратылышты салыштырганда, алда канча өйдө турабыз. Европада көп нерсе жасалмадай сезилет. 

© SputnikЭколог Динара Кутманова: бизде кайсыл жакка барсаң эле суу чыга берет да. Өзгөчө Нарын менен Ысык-Көлдө суу кенен. Бирок Баткенде эл таза сууга жетпей кыйналып жатат. Ал жакта жашоо оор. Өлкө боюнча сууну пропагандалоо иши жүргүзүлсө жакшы болмок. Колдо бар алтындын баркы жок дейт. Биз чындыгында бактылуу элбиз
Эколог с 30-летним стажем, президент общественного фонда Эко-мониторинг Динара Кутманова - Sputnik Кыргызстан
Эколог Динара Кутманова: бизде кайсыл жакка барсаң эле суу чыга берет да. Өзгөчө Нарын менен Ысык-Көлдө суу кенен. Бирок Баткенде эл таза сууга жетпей кыйналып жатат. Ал жакта жашоо оор. Өлкө боюнча сууну пропагандалоо иши жүргүзүлсө жакшы болмок. Колдо бар алтындын баркы жок дейт. Биз чындыгында бактылуу элбиз

Албетте, токой аянтынын көп артыкчылыгы бар. Алар көмүр кычкыл газын соруп алышат. Бир гана мөңгүнүн эрип кетишине жол бербестен, жер титирегенде дагы тамырлары менен үстүңкү катмарга туруштук берип турат.

— Эгер ичээр суубуз түгөнүп калса, мөңгүгө көз артып калышыбыз мүмкүн да. Бизде атайын аларды иштетип, тазалай турчу жабдыктар барбы?

— Техникалык жактан баарын жасоого болот. Бирок ар бир аппарат күйүүчү май менен иштейт, демек зыяны да болот. Сууну тазалоо канча турат деген суроо туулат. Чет жерде океандын суусун алып жаткандар бар. Бирок бул жерде экономикалык жактан канчалык деңгээлде пайдалуу экендигин караш керек.

— Азыр дүкөндөрдө мөңгүнүн суусу деп атайын бөтөлкөлөргө сатып калышат. Алар чын эле мөңгүнүн суусубу?

Золоторудное месторождение Кумтор в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Мөңгү арасындагы алтын. "Кумтөр" кенинен алынган соңку сүрөттөр
— Физикалык жактан суу эки формула менен берилерин билебиз. Бирок жаратылышта таптаза суу болбойт. Ар кандай кошулмалар болгондуктан, аны дистрлешет. Ошого жараша катуу жана жумшак суулар деп бөлүнөт. Ал эми мөңгү эригенде дарыялар, булактар аркылуу келет. Саткандар туздан, түрдүү заттардан арылтышат. Мөңгү болгону ал кол жетпеген жерде турганы үчүн таза деп эсептелинет.

— Мөңгүлөр эригени менен кайра тоңуп калыбына келе турчу касиетке ээби?

— Бул мөңгүлөр миң жылдап отуруп куралат. Ошол эле Арктика, айсбергдер жүз жылдап, миң жылдап топтолгон. Теориялык жактан баары мүмкүн. Бирок ал убакыттан көз каранды.

— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Жаратылышты коргойлу, аяр мамиле жасайлы. Мөңгүлөрдү өз убагында сактайлы. Бул маселе саясий эрктүүлүктөн дагы көз каранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0