Шер-Нияз: Нооруз мурунку союздаш элдин достугун бекемдеп турган майрамга айланды

© AFP / YACHESLAV OSELEDKOПразднование национального праздника Нооруз в Бишкеке
Празднование национального праздника Нооруз в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нооруз — күн менен түн теңелген күн. Кыргызстан аны ар дайым 21-мартта майрамдап келет.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Нооруз элдин ынтымагы менен биримдигин сактоодо маанилүү роль ойноп келерин Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборундагы Азербайжан менен Казакстандын ортосунда өткөн видео көпүрө учурунда билдирди. 

© Sputnik / Эмиль СадыровЖогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда
Депутат Жогорку Кенеша Садык Шер-Нияз - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда

Нооруз — күн менен түн теңелген күн. Кыргызстан аны ар дайым 21-мартта майрамдап келет.

"СССР тарагандан кийин Нооруз мурунку союздаш элдин достугун бекемдеп турган майрамга айланды. Бул күн элдин ынтымагы менен биримдигин сактоодо маанилүү роль ойноп келет. Ноорузду исламга туура келбейт деп коомду бөлүп жаруу туура эмес", — деди Шер-Нияз

Ал ошондой эле Нооруз дүйнө элинин салттык майрамы катарында сакталып калуусуна тилектеш экендигин билдирди.

Нооруз майрамын майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ноорузду кантип майрамдоо керек? Мэрия иш-чаралардын программасын сунуштады
"Кыргызстандыктар Нооруз майрамында карыздарынан кутулат. Эл келечектен жакшылыктарды күтүп, жашоолорун жаңы барактан баштайт. Бул майрам наристе жарык дүйнөгө келген сыяктуу чоң мааниге ээ", — деди эл өкүлү.

Ал эми Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти Айнур Ногаева, Нооруз мындан беш миң жыл мурун эле майрамдалганын билдирди.

Анын айтымында, Нооруз майрамы жаратылышка болгон сүйүүдөн улам келип чыккан. Казакстан бул күндү 1988-жылдан тарта майрамдап келет.

"Биздин салт боюнча 15-мартта көчөт отургузулат, 16сында короолор иретке келтирилет, 17синде салттуу тамактар жасала баштайт, 18де зекет берилет, 19да кийим жаңылашат. Ал эми 20-март таарынычтарды кечирүү күнү болсо, 21-22синде майрам белгиленет", — деди Ногаева.

Саясат таанучу Ильгар Велизаде, Азербайжанда майрамга карата даярдык бир айга созуларын айтып, Ноорузда палоонун 180 түрү жасаларын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0