Ооруканада жашаган жаш дарыгер: ишиңди сүйсөң, реанимацияда деле жашайт экенсиң

Жазылуу
Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасында жети жаш адис турак жайы жоктугунан иштеген жеринде, тагыраагы медициналык жайда жашоого аргасыз. Алардын үчөө үй-бүлөлүү.

Айбек Алимжан уулу медициналык окуу жайды Ош шаарынан бүтүрүп, эмгек жолун Түп райондук оорукасынан баштаган. Учурда ал кайра жандандыруу бөлүмүндө иштеп жатат.

© Фото / Улукбек МаматовТүп райондук оорукасынын дарыгери Айбек Алимжан уулу
Врач в Тюпской районной больнице Иссык-Кулськой области Айбек Алимжан уулу - Sputnik Кыргызстан
Түп райондук оорукасынын дарыгери Айбек Алимжан уулу

Жаш адис Sputnik Кыргызстан агенттигине бир эле жерде жашап, иштөөнүн тоскоолдуктарын айтып, жакын арада үй салам деген аруу тилектери менен бөлүштү.

—Айбек, ооруканада, болгондо да реанимация бөлүмүндө күнү-түнү кыйналган оорулуулардын жанында жашоо оор болсо керек?

— Албетте оңой эмес. Бирок, жумушуңду берилип жакшы көрсөң, буга деле чыдайт экенсиң. Анын үстүнө азыр жалгызмын, келинчегим Ошто. Ал келсе, кийин балалуу болсок, мына ошондо анык кыйналат болушубуз керек.

—Түп районуна кандайча барып калдыңыз? Дегеним, үй-жайыңыз жок болгондон кийин, өзүңүз туулуп-өскөн жерге барып иштөө жеңилирээк болот беле?

— Ош мамлекеттик окуу жайынын медицина факультетин бүтүргөндөн кийин, Кыргыз медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун ординатурасына бюджеттик формада өтүп кеткем. Ал жактын ректору профессор Төлөгөн Чубаков Түптө раеаниматологдор жетишсиз экенин айтып, бул жакка жиберди. Мен каршы болгон жокмун.

© Фото / Улукбек МаматовАйбек кесиптештери менен (оңдон экинчи)
Врач в Тюпской районной больнице Иссык-Кулськой области Айбек Алимжан уулу - Sputnik Кыргызстан
Айбек кесиптештери менен (оңдон экинчи)

—Ооруканада атайын бөлмөңөр барбы? Шарттары кандай?

— Өзүбүздүн бөлүмдөн бөлмө беришкен. Шарттары дурус, ысык суусу менен душу бар, ичи жылуу, тамак-ашты ооруканадан эле ичебиз.

—Эмне себептен келинчигиңиз Ошто? Ооруканада жашоого макул болбой койдубу?

— Жок, ал Түпкө бир жолу келип кеткен. Кесиби боюнча медик, быйыл окуусун аяктайт. Андыктан, мени түшүнөт. Ооруканада жашарыбызды айткам, каршы болгон жок. Окуусун бүтсө эле келем деп турат, аны дагы Түпкө жибериңиздер деп суранып жатам.

—Турак жай маселесин чечүүгө өзүңөр же жетекчилик тарабынан аракет болуп жатабы?

— Шарт боюнча жергиликтүү бийликке кайрылышыбыз керек экен. Жакында эле айыл өкмөт башчысына кирдик. Абалыбызды түшүндүрдүк. Ал киши да бул кызматка жаңы шайланган экен. Жакынкы күндөрү үй салуу жана айдоо үчүн жер тилкесин караштырып көрөбүз деди. Буюрса, жакында жерлүү болуп калабыз деп үмүт кылып отурам.

© Фото / Улукбек МаматовАйбек Алимжан уулу: жакында эле айыл өкмөт башчысына кирдик. Абалыбызды түшүндүрдүк. Ал киши да бул кызматка жаңы шайланган экен. Жакынкы күндөрү үй салуу жана айдоо үчүн жер тилкесин караштырып көрөбүз деди. Буюрса, жакында жерлүү болуп калабыз деп үмүт кылып отурам
Врач в Тюпской районной больнице Иссык-Кулськой области Айбек Алимжан уулу - Sputnik Кыргызстан
Айбек Алимжан уулу: жакында эле айыл өкмөт башчысына кирдик. Абалыбызды түшүндүрдүк. Ал киши да бул кызматка жаңы шайланган экен. Жакынкы күндөрү үй салуу жана айдоо үчүн жер тилкесин караштырып көрөбүз деди. Буюрса, жакында жерлүү болуп калабыз деп үмүт кылып отурам

Айбек Алимжан уулундай турак-жайсыз жаш адистер башка облустарда дагы ондоп саналат. Арзыбаган айлык алып, элдин саламаттыгын коргогон жаш дарыгерлерге мыйзам боюнча кайсы орган, кандай колдоо көрсөтүшү керек? Бул суроо менен Саламаттык сактоо министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Ибраевага кайрылдык.

Медицина илимдеринин доктору, академик, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: жигитине жагыш үчүн боюн узарткан кыздар бар
"Саламаттык сактоо министрлигинин менчик турак жайлары жок. Андыктан, жаш кадрларыбыз барган жерлериндеги ооруканаларда же бош турган имараттарда жашап жатышат. Жергиликтүү бийлик органдары калктын саламаттыгына кам көрүүгө милдеттүү. Ошондуктан, жаш адистерди кармап калууга алар дагы аракет кылышы керек. Албетте, жаш дарыгерлерге үйлөрдү убактылуу таап берип же кышкы көмүрүн алып берген учурлар болуп жатат. Бирок өтө аз", — деди Ибраева.

Ал облус, район жетекчилери тарабынан жаш адистерге колдоону жакшыртуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги аким, губернаторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландап жатканын кошумчалады.

"Марттын соңунда Бишкекте жергиликтүү бийлик органдары боюнча тегерек стол болот. Ага катышуу үчүн жер-жерлерден аким, губернаторлор келет экен. Мындан тышкары, быйыл окуу жылынын аягында адистерди региондорго бөлүштүрүү иштерине да аларды чакырып, адистерге колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшөлү деп жатабыз", — деди жетекчи.

Облустарга жиберилген жаштарга турак жай маселесин чечип берүү чоң көйгөй экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Түп айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Болот Айбалиев билдирди.

Анын айтымында, айыл өкмөттүн балансында бир гана эки бөлмөлүү үй бар. Аны менен үй-бүлөлүү бир адистин көйгөйүн чечүүгө болот.

"Түпкө иштегени келген жаш дарыгерлер мага жардам сурап кайрылышты. Аларга дароо бере койгонго турак жайларыбыз жок. Үй салууга жана айдоо үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө аракет кыларымды убада кылдым. Мыйзамда бул же тигил жардам берилсин деп так жазылган эмес, бирок "көмөк көрсөтүлсүн" деп айтылган. Ошол мыйзамдын чегинде ар бир адиске 20 сотыхтан жер берели деп жатабыз", — деди Айбалиев.

Письмо себе в прошлое: депутат и предприниматель Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Сурабалдиева: убагында Кыргызстанга кайтып келбейм деген ойлор болгон
Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан алыскы аймактардагы жаш адистерди кармап калуу үчүн бир нече жылдан бери "Врачтын депозити" программасы иштеп келет. Учурда ал программада 149 врач бар. Аларга өкмөт тарабынан бир кварталга 36-38 миң сомго чейин кошумча каражат төлөнөт. Программага кирчү адистер министрликтеги комиссия тарабынан тандалат. Алар басым негизинен алыскы аймакта, айыл жеринде иштегендерге жасаларын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0