Атамбаев Аксы окуясында каза тапкандардын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөттү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди
Президент Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2002-жылы Аксыда нааразылык акциялар өтүп, атылган октон алты адам каза болгон.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө бир миллион 320 миң сом материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин жарлыгынын негизинде каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнүн 33 мүчөсүнүн ар бирине 40 миң сомдон бөлүнөт.

Эске салсак, 2002-жылы Аксыда нааразылык акциялар өтүп, атылган октон алты адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0