Жөө жүрүш маалында кармалгандар 5 күнгө камакка алынды

Жазылуу
Бишкекте сөз эркиндигин сактоо талабы менен жөө жүрүш өттү. Коомдук тартипти бузуп, жол кыймылына тоскоолдук жараткан беш киши милиция тарабынан кармалган.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жөө жүрүш маалында кармалган беш киши беш суткага камакка алынганын милициядан билдиришти.

Эскерте кетсек, сөз эркиндигин камсыздоону талап кылган акция бүгүн өтүп, коомдук тартипти бузуп, унаа кыймылына жолтоо болгону үчүн кармалгандар Свердлов РИИБине алып келинип, аларга карата “Жолду мыйзамсыз тосуу”, “Укук коргоо органдарынын буйругуна баш ийбөө” жана “Бейбаштык” беренелеринин негизинде административдик протокол түзүлгөн

“Свердлов соту кармалгандарды беш күнгө камакка алуу чечимин чыгарды”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: ушакчылар, жалаа жапкандар жазалана турган кез келди
Zanoza, "Азаттык" жана "24.kg" маалымат агенттиктеринин журналисттерин колдоо максатында уюштурулган жөө жүрүш Токомбаев көчөсүнөн башталып, Чүй проспектисиндеги Уркуя Салиеванын эстелигинин жанынан аяктаган.

Колонна Бөкөнбаев менен Абдрахманов көчөлөрүнө жеткенде милиция бир нече кишини кармап калган. ШИИБдин билдирүүсү боюнча акция катышуучуларына ага чейин коомдук тартипти сактоо жаатында бир катар эскертүү берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0