Альпинист Оморова: чокуга жеткенде бороон башталып, жанымдагыларды таппай калгам

© Фото / Max ClaytorАльпинистка Гулбара Оморова
Альпинистка Гулбара Оморова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы саналуу альпинист кыздардын бири — Гүлбара Оморова. Учурда альпинизм менен катар тоолуу аймактарды изилдөө институтунда изилдөөчү болуп эмгектенет.

Кыргызстанда аскаларды багындыруу сырларын үйрөткөн курстар жок. Ошого карабай, алдына койгон максатынан кайтпай, бизге келген чет элдиктерден сабак алып жүрүп альпинизмге баш-оту менен кирип кеткен Гүлбара Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берди. 

© ФотоАльпинист Гүлбара Оморова: ушул убакка чейин бир дагы кыргыз улутундагы альпинист кызды кезиктире элекмин
Альпинистка Гулбара Оморова - Sputnik Кыргызстан
Альпинист Гүлбара Оморова: ушул убакка чейин бир дагы кыргыз улутундагы альпинист кызды кезиктире элекмин

—Гүлбара, Кыргызстанда альпинизм менен алектенген кыз-келиндер аз болсо керек? Мисалы сиз мен таанышкан биринчи альпинистсиз.

— Туура айтасыз, биз өтө эле азбыз. Кызыгы ушул убакка чейин бир дагы кыргыз улутундагы альпинист кызды кезиктире элекмин. Машыктыруучуларым деле "альпинизмге кызыгып, алектенген жалгыз кыргыз кызы сенсиң" деп айтып калышат.

—Бизде альпинизмге үйрөткөн атайын курстар жок турбайбы, сиз тоого чыкканды кайдан үйрөндүңүз эле?

— Ооба, бизде эч ким үйрөтпөйт, болгону Альпинизм федерациясы бар. Бишкекте "СКИФ-Политех" деп аталган альпинисттер жамааты түзүлгөн. Булардын катарына кышында Кан-Теңири, Жеңиш чокуларына барган күчтүү альпинисттер кирет. Бирок алар атайын сабак беришпейт. Чет өлкөлүк конокторго гид катары кызмат көрсөтүшөт. 

© Фото / Max ClaytorАльпинист Гүлбара Оморова: Россиядан келген альпинисттер өткөргөн бир жумалык машыгууларга катышып, көп нерсе үйрөндүм. Бир аптанын ичинде беш чокуга чыгып келгенбиз
Альпинистка Гулбара Оморова - Sputnik Кыргызстан
Альпинист Гүлбара Оморова: Россиядан келген альпинисттер өткөргөн бир жумалык машыгууларга катышып, көп нерсе үйрөндүм. Бир аптанын ичинде беш чокуга чыгып келгенбиз

—Анан сиз тоого чыкканды кайдан үйрөндүңүз?

Рефери международной категории АИБА 1-звезда Жамиля Боркоева - Sputnik Кыргызстан
Рефери Жамиля Боркоева: курсактагы 5 айлык бала менен ринг үстүндө жүрдүм
— Ала-Арчада өткөн Альпиниадага катышкам. Анда биринчи жолу 4200 метр бийиктиктеги Комсомол чокусуна чыккам. Башында суук болуп, кыйналам го деп ойлогом. Бирок жеңил жана кызыктуу болгондуктан, улантууну чечтим. Ошондо Россиядан келген альпинисттер өткөргөн бир жумалык машыгууларга катышып, көп нерсе үйрөндүм. Бир аптанын ичинде беш чокуга чыгып келгенбиз. Менин өжөрлүгүмдү байкаштыбы, айтор, алар дагы альпинизмди таштап койбой улантууну сунушташкан.

—Негизи эле тоолорго кандайча кызыгып калдыңыз эле?

— Атам геология, география жаатында адис. Кичине кезимде үйдө карталары, глобусу, таап келген таштары көп болор эле. Аларды кармалап, аралашып жүрүп эле кызыгып кеттим.

© Фото / Max ClaytorГүлбара Оморова: тажрыйбалуу кесиптештерим "Тоо жан дүйнөсү таза адамдарды кабыл алат" деп айтышат
Гүлбара Оморова: тажрыйбалуу кесиптештерим Тоо жан дүйнөсү таза адамдарды кабыл алат деп айтышат - Sputnik Кыргызстан
1/5
Гүлбара Оморова: тажрыйбалуу кесиптештерим "Тоо жан дүйнөсү таза адамдарды кабыл алат" деп айтышат
© Фото / Max ClaytorЫсык-Ата районундагы Миң-Жылкы көлү
Ысык-Ата районундагы Миң-Жылкы көлү - Sputnik Кыргызстан
2/5
Ысык-Ата районундагы Миң-Жылкы көлү
© Фото / Max ClaytorГүлбара Оморова алипинизм менен алектенип жүргөнүнө үч жыл болду
Гүлбара Оморова алипинизм менен алектенип жүргөнүнө үч жыл болду - Sputnik Кыргызстан
3/5
Гүлбара Оморова алипинизм менен алектенип жүргөнүнө үч жыл болду
© Фото / Max ClaytorАльпинист кыз кайсы чокуга кетип атканын ата-энесине айтпайт
Альпинист кыз кайсы чокуга кетип атканын ата-энесине айтпайт - Sputnik Кыргызстан
4/5
Альпинист кыз кайсы чокуга кетип атканын ата-энесине айтпайт
© Фото / Max ClaytorМиң-Жылкы көлүнүн айланасы
Миң-Жылкы көлүнүн айланасы - Sputnik Кыргызстан
5/5
Миң-Жылкы көлүнүн айланасы
1/5
Гүлбара Оморова: тажрыйбалуу кесиптештерим "Тоо жан дүйнөсү таза адамдарды кабыл алат" деп айтышат
2/5
Ысык-Ата районундагы Миң-Жылкы көлү
3/5
Гүлбара Оморова алипинизм менен алектенип жүргөнүнө үч жыл болду
4/5
Альпинист кыз кайсы чокуга кетип атканын ата-энесине айтпайт
5/5
Миң-Жылкы көлүнүн айланасы

— Кыргызстанда кыздарга ылайыктуу альпинизм шаймандары оңой эле табылабы?

— Бишкекте 2-3 спорт дүкөндөрүнөн керектүү нерселерди тапса болот. Анын үстүнө кыздарга арналгандарына суроо-талап аз болгондуктан, башка өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча арзан. Бирок 37-38-өлчөмдөгү бут кийимдер табыла бербейт. Ошондуктан чет өлкөдөн заказ менен алдырууга аргасызмын.

—Кыргызстандагы кайсы чокулар сизге өзгөчө таасир калтырды?

Стюардесса авиакомпании Эйр Манас Назгуль Байжанова - Sputnik Кыргызстан
Стюардесса: учак кулап баратканда кыйналбай өлсөм экен деп тиледим
— Ала-Арчадагы "Байчечекей" чокусу менен Тескей Ала-Тоодогу "Палатка" чокусу такыр эсимден кетпейт. Биринчи жолу Байчечекей чокусуна чыккам. Ал "3-А" деп аталган оор категорияга кирет. Ал эми "Палатканын" сулуулугун сүрөткө тарта албай, арманда калгам. Ал муз менен капталып турат, сырты кар. Ошондуктан, мындай жерге альпинисттер бир жипке байланып алып чыгышат. Күрткүлөр көп болгондуктан, ар бир кадамың тобокелчилик менен жасалат. Күтүлбөгөн жерден чуңкурга түшүп кетишиң мүмкүн. Мени менен баргандар эптеп аман-эсен түшүп кетүү үчүн аракет кылып жатышса, мен сүрөткө тарта баштаган болчумун. Бирок чогуу баргандар сүрөттү токтот, түшүп кетели деп урушуп коюшкан.

—Башка өлкөлөрдүн аймагындагы тоолорго чыктыңыз беле?

— Жумушума байланыштуу изилдөө иштери боюнча Казакстан, Тажикстанга барып, өзүмө ылайыктуу тоолорду караштырып койгом. Бирок чыгып көрө элекмин. Быйылкы жайда Эльбурс чокусуна чыгууну пландап жатам. 

© Фото / Max ClaytorАльпинист Гүлбара Оморова: мени менен баргандар эптеп аман-эсен түшүп кетүү үчүн аракет кылып жатышса, мен сүрөткө тарта баштаган болчумун. Бирок чогуу баргандар сүрөттү токтот, түшүп кетели деп урушуп коюшкан
Альпинистка Гулбара Оморова - Sputnik Кыргызстан
Альпинист Гүлбара Оморова: мени менен баргандар эптеп аман-эсен түшүп кетүү үчүн аракет кылып жатышса, мен сүрөткө тарта баштаган болчумун. Бирок чогуу баргандар сүрөттү токтот, түшүп кетели деп урушуп коюшкан

—Асканын туткунунда калган учурлар болдубу?

— Бир жолу Адигинеге үч адам болуп чыкканбыз. Чокуга аз калганда, бороон-чапкын башталып, жол көрүнбөй калса болобу. Бир заматта эле жанымдагы эки адамды жоготуп алдым. Бирок ага да карабай ушунча келгенден кийин аягына чейин жетейин деп чыгып кеттим. Карасам сүткө түшүп кеткендей эле, айланада эч нерсе көрүнбөйт. Эмне кыларымды билбей жарым саатча ошол жерде отура бердим. Тоңуп калганымды айтпагыла. Бактыга жараша, бир убакта күн ачылып, жол көрүнүп калды. Жерге түшсөм, тиги эки адам чокуга жетпей эле түшүп кетишкен экен. Ошондон кийин коопсуздукту биринчи орунга коюп калгам.

—Мындай кооптуу иш менен алектенгениңизге ата-энеңиз каршы эмеспи?

Көркөм гимнаст, жаа атуу боюнча Европанын рекорд китебине кирген Аида Акматова - Sputnik Кыргызстан
Жаачы Аида Акматова: өлүмдөн мурун помадам бетиме шыбалып калган жокпу деп ойлодум
— Каршы, кайда барып, кайсы чокуга чыгып жатканымды аларга айтпайм. Досторум гана билип калбаса, ата-энем билбей калат. Жакшы жагы ата-энем соцтармактарды колдонушпайт. Чынында эле альпинизм кыздар үчүн оор. Анткени тоодо кооптуу жерлерге түнөйсүң, 30-35 килограммга жакын жүктү көтөрүп алып тик чыгасың. Ошондуктан, эркектер катарына кыз кишилерди кошкулары келбейт. Мага деле бул кызды эмне кошуп алдыңар, эми бул үчүн кармалабыз, чокуга жетпей калабыз деп айткан сөздөрүн уккам. Бирок чокуга чыккандан кийинки сулуулукту сөз менен айтып берүүгө болбойт. Аны көрүш керек. Ошол сезимдер үчүн бардык тоскоолдуктарга чыдайм. Бизде салттуу коом болгондуктан, кыздарга чектелген ролдорду ыйгарып коюшкан. Мен бул түшүнүктөн бир аз алысыракмын. Кыздар деле канчалык татаал экенине карабай, өз каалаган иши менен алектенсе болот.

—Кайсы чокуну багындырсаңыз, иштин өтөсүнө чыктым деп эсептээр элеңиз?

— Альпинисттер үчүн "Жети чоку" деп аталган программа бар. Бул жети континентте жайгашкан эң бийик чокуларга чыгып келүү. Биринчиси Непалда жайгашкан Эверест, экинчиси Түштүк Америкадагы Аконкагуа, Түндүк Америкадагы Денали, Африка материгиндеги Килиманджаро, Европадагы Эльбурс, Антарктидадагы Винсон массиви жана Австралиядагы Косцю́шко. Бирок быйыл Ленин менен Хан-Тенгри чокуларына чыксам деп турам. Болгону жакшылап даярданып, каржы маселесин чечип алышым керек. 

© Фото / Max ClaytorАльпинист Гүлбара Оморова: кайда барып, кайсы чокуга чыгып жатканымды туугандарыма айтпайм. Досторум гана билип калбаса, ата-энем билбей калат
Альпинистка Гулбара Оморова - Sputnik Кыргызстан
Альпинист Гүлбара Оморова: кайда барып, кайсы чокуга чыгып жатканымды туугандарыма айтпайм. Досторум гана билип калбаса, ата-энем билбей калат

—Каржы деп калдыңыз, Кыргызстанда чокуга чыгууга канча акча кетет?

— Ала-Арчадагы чокуларга чыгып келүү арзан эле. Ал эми Ленин чокусуна чыгуу үчүн эки миң доллар керек. Анткени ал жак коммерциялашып кеткен. Бир жерге токтоп палатка тигүүгө, тамактанууга дагы акча төлөнөт. Мындан тышкары, коопсуздук баракчасын алуу керек. Өзүңүз чыгып келсеңиз арзанырак, ал эми гид жалдасаңыз кымбатка турат. Хан-Тенгри тоосуна басып барам десеңиз 2-2,5 миң доллар, вертолет менен андан кымбат. Караколдо беш миң метрден бийигирээк үч чоку бар. Аларга 100-150 доллар керектелет. Анткени эч кимге эч нерсе төлөбөй эле, керектүү нерселерди, тамак-ашты алып алып чыгып кетсе болот.

—Альпинисттер кандай ырым-жырымдарды карманат?

— Өзүм ырымдарга ишенбейм. Бирок Гималай кырка тоолоруна, Непалдагы бийик чокуларга чыгуу үчүн альпинисттер өз ишенимине жараша ар кандай ырымдарды кылышат. Анткени айрым чокулар кандуу деп айтылат. Аларга чыгуу үчүн альпинисттер Кудайга жалынып, ырымдарды кылышат. Мен тоого чыгарда ар дайым жакшы нерселерди ойлонууга аракет кылам. 

© Фото / Max ClaytorАльпинист Гүлбара Оморова: Ала-Арчадагы чокуларга чыгып келүү арзан эле. Ал эми Ленин чокусуна чыгуу үчүн эки миң доллар керек
Альпинистка Гулбара Оморова - Sputnik Кыргызстан
Альпинист Гүлбара Оморова: Ала-Арчадагы чокуларга чыгып келүү арзан эле. Ал эми Ленин чокусуна чыгуу үчүн эки миң доллар керек

—Альпинисттер арасында "Тоолор бардык эле адамдарга койнун ача бербейт" деген сөз бар экен…

Трехкратный чемпион мира по бильярдному спорту Каныбек Сагынбаев - Sputnik Кыргызстан
Каныбек Сагынбаев: жоопкерчилик, сарсанаа менен жүрүп 5 кг арыктап, ооруп да калдым
— Ооба, айрым чокулар кээ бир адамдарды өзүнө жолотпойт. Ага аз калганда эле бороон буркурап, жол көрүнбөй туруп алат. Бирок жарым саат мурун же кийин башка бирөөлөр эч тоскоолдуксуз чыгып кетиши мүмкүн. Көптү көргөн, тажрыйбалуу кесиптештерим "Тоо жан дүйнөсү таза адамдарды кабыл алат" деп айтып калышат. Экинчиден, мен "тоону багындыруу" деген сөздү туура эмес деп эсептейм. Тоолор эч качан адамга багынбайт. Биз тоолорго багынабыз. Бийик чокуларга чыгуу менен биз өзүбүздү чыдамкайлыкка тарбиялап, жакшы сапаттарга ээ болууга шарт түзөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0