Митинг: Кочкордо мугалимдер иш таштады

© Фото / Нурзада МукашеваМитинг учителей села Семиз-Бел
Митинг учителей села Семиз-Бел - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акцияга чыккан мугалимдер маянага кошумча төлөнчү акчанын кыскаргандыгына нааразы.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылынын Арзымкан Бостонов атындагы мектептин мугалимдери бүгүн нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Семиз-Бел айылдык кеңешинин депутаты Бакыт Бейшенбеков билдирди.

Анын айтымында, нааразычылык акциясына 30-40га жакын мугалим чыккан.

© Фото / Нурзада МукашеваКочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылынын Арзымкан Бостонов атындагы мектептин мугалимдери бүгүн нааразычылык акциясына чыгышты.
Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылынын Арзымкан Бостонов атындагы мектептин мугалимдери бүгүн нааразычылык акциясына чыгышты. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылынын Арзымкан Бостонов атындагы мектептин мугалимдери бүгүн нааразычылык акциясына чыгышты.
© Фото / Нурзада МукашеваНааразычылык акциясына 30-40га жакын мугалим чыккан.
Нааразычылык акциясына 30-40га жакын мугалим чыккан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Нааразычылык акциясына 30-40га жакын мугалим чыккан.
1/2
Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылынын Арзымкан Бостонов атындагы мектептин мугалимдери бүгүн нааразычылык акциясына чыгышты.
2/2
Нааразычылык акциясына 30-40га жакын мугалим чыккан.

"Биздин мугалимдер бийик тоолуу райондо иштегендиктен буга чейин 20 пайыздык коэффициенттин негизинде айлыгына кошумча акча алып келишкен. Жаңы өзгөртүүлөр киргизилип, кошумча акчалар кыскартылды. Окутуучулар ошого нааразы болуп жатышат", — деди Бейшенбеков.

Ал эми аталган мектепте математика боюнча сабак берген Темирбек Эсеналиев айлыгы эки эсе кыскаргандыгын билдирип, мугалимдер жамааты иш таштаганын кабарлады. 

"Буга чейин тоолуу райондо иштегендер үчүн 20 пайыздык коэффициент каралып, 30 жылдык тажрыйбасы барларга 30 пайыздык кошумча акча берилчү. Эми анын баарын жоюп салышты. Мен буга чейин 14 миңге чукул айлык алсам, азыр 7 900 сом чыгып жатат. Буга байланыштуу иш таштап, каршылык акциясына чыгып жатабыз", — деди Эсеналиев.

Математика мугалими калыстык болбой жатканына нааразы экенин баса белгиледи.

"Биздин айылды бийик тоолуу аймакка кирбейт деп жатышат. Алардын айтымында, буга чейин адашып эсептеп келишкен экен. Башка айылдар деле бизге окшош бийиктикте жайгашкан. Аларга 10 пайыздык кошумчаларды калтырып, биздикин эле такыр жоюп салышты", — деди мугалим.

Ал эми Кара-Тоо айылынын Шарипбек Абдылдаев атындагы орто мектебинин директору Чолпон Өмүрова аталган мектептин жамааты дагы жаңы өзгөрүүлөргө каршы экендигин кошумчалады.

Митинг продавцов рынка Дыйкан у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
"Дыйкан" базарынын соодагерлери Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты
"Мыйзам боюнча деңиз деңгээлинен 1800 метр бийикте жашап, иштегендерге 20 пайыздык коэффициент кошулушу керек. Биздин айыл 1810 метр бийиктикте жайгашкан. Ага карабай 10 пайыздык кылып кыскартып коюшту, ошого маглимдер жамааты нааразы болууда", — деди Өмүрова.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы бюджеттик саясат башкармалыгынын башкы адиси Салмоор Асанов эч кандай мыйзам бузуу болбогондугун билдирди.

"Бийик тоолуу аймактарга 20 пайыздык коэффициент кошуу өкмөттүн атайын чыгарылган токтомуна ылайык каралат. Анда деңиз деңгээлинен 1800 метр бийик жашагандарга кошулат. Семиз-Бел айылы болсо 1 790 метр бийиктикте жайгашкан. Баары мыйзамдуу", — деди Асанов.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ооруканада жашаган жаш дарыгер: ишиңди сүйсөң, реанимацияда деле жашайт экенсиң
Ал буга чейин айлыктар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары аркылуу берилип, 2013-жылдан кийин өзгөрүүлөр киргизилгенин кошумчалады.

"Текшерүүлөрдөн кийин деңиз деңгээлинен ылдый жайгашканы маалым болуп, кошумча акча төлөнбөй калды. 20 пайыздык жана 10 пайыздык коэффициенттер мыйзам чегинде бөлүштүрүлдү", — деди адис.

Асанов эгерде талаш жагдай жаралса анда айылдын бийиктик абалын дагы бир жолу аныктап чыгуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0