Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам гүлдөй баштады

Сулайман тоонун боорундагы бадам гүлдөдү

198
(жаңыланган 21:12 20.03.2017)
Бадам гүл ачканы менен тоодогу өрүктөр гүлдөй элек.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам гүлдөй баштаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин кызматкерлеринин айтымында, бадам былтыркыга салыштырмалуу кеч гүлдөп жатат.

  • Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам гүлдөй баштады
    Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам гүлдөй баштады
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин кызматкерлеринин айтымында, бадам былтыркыга салыштырмалуу кеч гүлдөп жатат.
    "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин кызматкерлеринин айтымында, бадам былтыркыга салыштырмалуу кеч гүлдөп жатат.
    © Фото / Зульфия Тургунова
  • Эске салсак, өткөн жылы февраль айынын аягында аба ырайынын температурасы 21 градуска чейин көтөрүлгөн.
    Эске салсак, өткөн жылы февраль айынын аягында аба ырайынын температурасы 21 градуска чейин көтөрүлгөн.
    © Фото / Зульфия Тургунова
1 / 3
© Фото / Зульфия Тургунова
Ош шаарындагы Сулайман тоонун боорундагы бадам гүлдөй баштады

"Өткөн жылы күн эрте жылып, февралдын аяктарында бадам гүлүн ачкан болсо, бул жылы бир ай кечигип гүлдөдү. Ал эми тоо боорундагы өрүк көчөттөрү гүлүн ача элек", — деп музейдин кызматкерлери билдиришти.

Эске салсак, өткөн жылы февраль айынын аягында аба ырайынын температурасы 21 градуска чейин көтөрүлгөн.

198
Белгилер:
бадам, гүл, Сулайман тоо, Ош
Тема боюнча
Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун боорундагы бадам менен согон гүлдөдү
Нооруз күнүнө карата аба ырайы

Шаардыктар жарыксыз калганда. ТЭЦтеги кырдаалды асмандан көрсөткөн видео

42
(жаңыланган 16:48 29.10.2020)
"Түндүк электр" ишканасы алгач жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатканын айткан. Бирок кийинчерээк автоматтык коргоо тутуму иштеп кеткенин билдирди.

Бишкек ТЭЦтин аймагынын бир нече жеринен уюлгуган буу чыгып жатат. 

Ордо калаада болжол менен 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп баштаган.

Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

Азыр Бишкектин айрым жерлеринде жарык берүү жанданып, бирок кайра өчүп калууда. 

"Түндүк электр" ишканасы алгач жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатканын айткан. Бирок кийинчерээк автоматтык коргоо тутуму иштеп кеткендиктен буу чыкканын билдирди.

42
Белгилер:
Сүрөт, жарык өчүрүү, ТЭЦ, Бишкек
Тема боюнча
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
Бишкек ТЭЦ ишкананын директору Андрей Воропаев. Архивдик сүрөт

Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

391
(жаңыланган 15:24 29.10.2020)
Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде эч кандай авария болгон жок. Бул тууралуу ишкананын директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, биринчи подстанциянын коргонуучу системасы иштеп кеткен.

Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады

"Кабатыр болууга эч кандай негиз жок. Авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкты. Ал түтүн эмес. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Буу казан жарылып кетпеши үчүн бууну чыгарып салды", — деди Воропаев.

Ал ошондой эле учурда калыбына келтирүү иштери 75 пайызга аяктап калганын, бир сааттын ичинде баары жайында болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

391
Белгилер:
БУУ, ТЭЦ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
"Түндүк электр": жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатат
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
Кыргыз сом монеталары. Архив

Кыргызстан 4,1 млрд. сом карызын төлөбөй турууга макулдашып жатат. Шарттары

0
(жаңыланган 16:57 29.10.2020)
Министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашып жатат. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүү жүрүп жатат.

"Учурда 4,1 миллиард сом төлөөнү кийинки жылга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатат. Ага ылайык, быйыл жана эмдиги жылы төлөбөй тура алабыз. Бирок кийинки үч жылда жеңилдик берилген мөөнөттө төлөнбөй калган каражатты кошуп төлөйбүз", — деди Мукашев.

Кыргызстандын тышкы карызы тездик менен өсүүдө. Инфографика

Ошондой эле министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.

0
Белгилер:
Финансы министрлиги, өкмөт, жылдыруу, мөөнөт, карыз
Тема боюнча
Жээнбеков мамлекеттик карызды кечүүнү суранды. Эмнеге алмашууну сунуштады?
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп