Кыргызстан бактылуу өлкөлөр рейтингинде 13 позицияга артка чегинди

© Sputnik / Табылды КадырбековПраздничный концерт в честь Дня матери
Праздничный концерт в честь Дня матери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Норвегия дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп табылды. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бактылуулук жагынан биринчи орунда Өзбекстан турары белгилүү болду.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. АКШдагы Колумбия университетинин аналитиктери уюштурган Бактылуу өлкөлөр рейтингинде Кыргызстан артка чегинип, 98-орунга илинди.

Рейтингди түзүүдө алты факторго көңүл бурулат: ички дүң продукциянын жан башына болгон көлөмү, күтүлгөн жашоо узактыгы, оор кырдаалдарда социалдык жөлөк, өкмөткө ишеним, чечим кабыл алуу эркиндиги жана марттык.

Жизнь и быт в городе Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Рейтинг: Кыргызстан кайрадан 50 жакыр өлкөнүн катарына кирди
Бул жылы аналитиктер 155 мамлекетти иликтөөгө алды.

Жыйынтык боюнча Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 13 позицияга артка кетти. Бирок бактылуу 100 өлкөнүн арасында калды. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан алдыда, ал 47-орунда. Бул өлкөдөн кийин Түркмөнстан, Казакстан жана Тажикстан турат.

Ал эми дүйнө жүзүндө эң бактылуу өлкө деп Норвегия табылды. Аны менен катар Дания, Исландия, Швейцария, Финляндия, Канада, Жаңы Зеландия, Австралия жана Швеция турат.

Эң бактысыз өлкө деп Борбордук Африка Республикасы табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0