Оштун дин кызматкерлери чечендик өнөр боюнча сабак алууда

© Фото / пресс-служба Ошского областного казыятаСеминар для для религиозныз служателей в Оше
Семинар для для религиозныз служателей в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оштун казыят жамааты риторика курсуна облустагы мечит имамдарын катыштыруу зарыл экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Ошто диний кызматкерлерге 18-мартта башталган "Чечендик өнөрдү өнүктүрүү" аталышындагы семинар 18-апрелге чейин уланаарын Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Аталган окуу "Чечендик өнөр" мектебинин Оштогу бөлүмү тарабынан өткөрүлүүдө.

"Семинарда дин өкүлдөрүнө "Эл алдына чыгып сүйлөөдөгү коркунуч, сүрдөө жана толкундоону жоготуу" темасы боюнча окутуу жүргүзүлүүдө. Так жана маданияттуу сүйлөө жолдору, кыймыл-аракеттерди туура пайдалануу, көпчүлүктүн алдында сүйлөөнү иштеп чыгуу жана үндү туура коюу ыкмасы жөнүндө алгачкы түшүнүктөр берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Празднование Курбан-Байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Араван районундагы бир нече мечитке эскертүү берилди
Облус казысы Самидин кары Атабаевдин айтымында, дин кызматкерлери дайыма коомчулуктун алдында исламдын баалуулуктарын айтып, тарбияга үндөө багытында иш алып баргандыктан, ойду жогорку деңгээлде жеткирүү жана ырааттуу сүйлөө техникаларын өздөштүрүүгө милдеттүү.

Ошондой эле казыят жамааты риторика курсуна облустагы мечит имамдарын да катыштыруу зарыл экендигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0